Зеленский АКШ–Орусия дизел келишимин "согушка инвестиция" деп атады

Владимир Зеленский. Архив.

Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШ менен Орусиянын орус дизелин дүйнөлүк рынокко жеткирүү боюнча келишимин кескин сынга алды. Ал Вашингтондун мындай чечимин «согушка салынган инвестиция» деп атады.

Зеленский Орусияга берилген мындай жеңилдик тынчтыкка алып келбей турганын белгиледи.

«Путинге берилген белек тынчтыкка кызмат кылбайт. Орусия дизел боюнча чечимге мындан аркы террору жана кыянатчылыгы менен “ыраазычылык билдирет”. Орусияга мунай сатууга уруксат берүү – аякташы керек болгон согушка салынган инвестиция», – деп жазды ал.

Украин лидери Киев чыңалууну азайтуу боюнча өз ара кадамдарга даяр экенин айтып, АКШны Орусияга болгон басымды күчөтүүгө чакырды. Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасына сокку урбаса, Киев да орус мунай иштетүүчү заводдорун бутага албай турганын кошумчалады.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен “абдан ийгиликтүү” сүйлөшүү болгонун, натыйжада Орусиянын дизелдик отунун дүйнөлүк рынокко жеткирилишин камсыздоо тууралуу макулдашуу болгонун 9-октябрда билдирген. Андан көп өтпөй АКШнын Каржы министрлиги буга чейин санкцияларга байланыштуу тыюу салынган операцияларга уруксат берген убактылуу лицензияны жарыялаган.

Бул документке ылайык, Орусиянын дизелдик отунун сатууга, жеткирүүгө, жүктөп түшүрүүгө жана импорттоого уруксат берилет. Лицензиянын мөөнөтү 2027-жылдын 7-апрелине чейин деп көрсөтүлгөн.

Трамптын айтымында, Путин жакын арада дүйнөлүк рынокко 300 миң тоннадан ашык дизелдик отун жеткирүүгө макул болду. Ноябрда дагы 500 миң тонна, андан кийин 1 млн тонна жана кошумча 3 млн тоннага чейин жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканы айтылды. АКШ президенти бул чара дүйнөлүк рыноктогу дизелдин баасын төмөндөтүүгө жардам берет деп эсептейт.

Кремль мунай продукциясын дүйнөлүк рынокко жеткирүүгө даяр экенин билдирип, бул кадам дүйнөлүк экономикага оң таасир тийгизерин белгиледи.

Дагы караңыз

Ош милициясы Өзгөндө "өз жанын кыйды" делген адамдын окуясына комментарий бердиУКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары жана экс-министр кармалганы кабарландыКытай автоунаа экспортунун эрежелерин катаалдаттыАКШ Иранды адам сатууга каршы күрөштөгү эң начар өлкөлөр катарына кошту