Эр-Рияд аэропортуна кайра сокку урулуп, кеминде бир киши каза тапты, 11и жараат алды

Йемендеги Иран колдогон хусилер Эр-Рияддагы аэропортко сокку урду. Халид падыша аэропортунан түтүн жана жалын көтөрүлүп жатат. 12-октябрь, 2026-жыл

Сауд Арабиясынын башкалаасы Эр-Рияддагы Халид падыша атындагы эл аралык аэропортко 11-октябрда кайрадан сокку урулду.

Экинчи соккунун кесепетинен кеминде бир адам каза болуп, дагы 11 адам жаракат алганын Саудиянын Жарандык авиация башкармалыгы билдирди.

"Жарандык авиациянын башкы башкармалыгынын (GACA) маалыматына ылайык, соккудан Пакистандын жараны каза болуп, дагы 11 адам жаракат алды", - деп айтылат мекеменин X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Биринчи чабуулда 13 киши каза таап, 309у жараат алганы расмий кабарланган. Каза тапкандар жана жаракат алгандардын ичинде Кырггызстандын жарандары жок экенин Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Сауд Арабиясынын Куралдуу күчтөрүнүн өкүлү жекшемби күнкү соккудан кийин аэропорттун терминалдарынын биринде өрт чыкканын билдирди.

Өткөн аптада да аэропорт бир нече жолу бутага алынган.

Йемендеги Иран колдогон хусилер соккулар үчүн жоопкерчиликти өздөрүнө алып, авиакомпанияларды жана жүргүнчүлөрдү Сауд Арабиясынын аэропортторун жана аба мейкиндигин колдонбоого чакырышты.

Куралдуу топтун өкүлдөрү аэропортко баллистикалык жана канаттуу ракеталар, ошондой эле учкучсуз учуучу аппараттар менен сокку урулганын билдиришти.

Дагы караңыз

Президент Жапаров 15тей чек ара жана бажы кызматкери кармалганын билдирдиТИМ Эр-Риядда каза тапкан, жараат алгандар арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирди