Орусия санкцияга карабастан Европага төрт жылда 320 млрд долларлык мунай жана газ сатты

иллюстрация

Орусиянын Украинага каршы согушуна байланыштуу киргизилген эл аралык санкцияларга карабастан, Москва 2022-жылдан бери Европа Биримдигине мүчө мамлекеттерге жалпы суммасы 320 миллиард долларлык мунай жана газ сатканын 12-октябрда мамлекеттик «Вести» телепрограммасында орус өкмөтүнүн отун-энергетика комплексин көзөмөлдөгөн вице-премьер Александр Новак билдирди.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери эле Европага 21 миллиард долларлык энергетикалык ресурстар сатылган.

Ошол эле учурда, Новак белгилегендей, Орусиянын экспорту негизинен Азия-Тынч океан аймагына багытталууда.

Согуш башталгандан тартып Батыш өлкөлөрү Орусиядан мунай сатып алууну мүмкүн болушунча кыскартуу саясатын карманып, бир катар олуттуу санкцияларды киргизген. Бирок айрым мамлекеттер, анын ичинде Франция, орус тараптан энергия ресурстарын сатып алууну улантып келет.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Бөлтүрүк айткан 630 млн доллар боюнча комментарий бердиКыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жаңы программа сунушталууда"Шайлоого байланыштырып жатам". Клара Сооронкулованын каалгасын ким сүрөткө тарткан? Экономика боюнча Нобел сыйлыгы америкалык экономисттерге берилди