Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып, Кыргызстанга алынып келди

Сыргак Кенжебаев.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Сыргак Кенжебаев чет өлкөдөн кармалып келип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, ага каршы массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Андан тышкары бир адамдан (М.Н.) чогуу ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен 150 миң доллар алып, алдап кеткени аныкталганы айтылды.

“Кыргызстандын аймагынан тышкары жүргөн К.С. интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган”, - деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгон. ИИМ Сыргак Кенжебаев кайсыл мамлекеттен кармалып келгенин тактаган жок.

Сыргак Кенжебаев 44 жашта, ишкер. Ал 2018-жылы Инвестиция тартуу агенттигинде жетекчинин орун басары болуп иштегени, ага чейин “Юнилаб” деп аталган логистикалык компанияны жетектегени ачык булактарда көрсөтүлгөн.

2019-жылы декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аны “Алдамчылык” беренеси менен айыптап, Алматынын аэропортунан кармалган. УКМК Сыргак Кенжебаев ал кезде “ири өлчөмдөгү алдамчылык” боюнча шек саналып жатканын, ага каршы кытайлык ишкер арыз жазып, 350 миң долларын алып, бербей жатканын айтып арызданганын кабарлаган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кенжебаев дагы бир кылмыш иши боюнча шектүү экенин билдирген.

Анын камакка алынышы ошол учурда жубайы, мурдагы депутат Ширин Айтматова негиздеген "Үмүт 2020" кыймылынын коррупцияга каршы билдирүүлөрү, бийликти жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду сындап жаткан маалына туш келип, түрдүү талкууларды жараткан.

2020-жылдын 6-октябрына караган түнү бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларда жоон топ саясатчылар менен кошо Кенжебаев да тергөө абагынан чыккан. Ошол эле жылы 12-октябрда соттун чечими менен кайра абакка кайтарылган.

Азырынча Сыргак Кенжебаевдин жакындары жана адвокаттары менен байланышууга мүмкүн боло элек.

Сыргак Кенжебаев соңку айларда бийликти сындаган бир нече билдирүүлөрдү жасаган эле. Ал президенттин жакындарынын атын атап, алар мамлекеттик маанилүү тармактарды, өзгөчө бажы жана логистикалык схемаларды көзөмөлдөп келатканын кошумчалаган. Мындан соң президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде ага жооп берип, айтылгандарды четке каккан.

Сыргак Кенжебаев “Кумтөрдүн” мурдагы башчысы, чет өлкөдө жүргөн Тенгиз Бөлтүрүк, активист Самат Кушбек менен бирге “Шумкар” аттуу кыймыл түзүлгөнүн жарыялап, социалдык тармактарда бийликтин аракеттерин сындаган видеолорду жарыялап келишкен. (BTo)

Дагы караңыз

Президент Жапаров Ташов "революция кылууну" максат кылганын айттыПрезидент Жапаров Бөлтүрүк айткан 630 млн доллар боюнча комментарий бердиОрусия санкцияга карабастан Европага төрт жылда 320 млрд долларлык мунай жана газ саттыКыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча жаңы программа сунушталууда