Компания Кыргызстанда соңку беш жылда тейлөө тармагындагы монополистке кантип айланды? Кыргызстандагы ири шаарлардагы такси рыногунда канча каражат айланат? Кыргызстандык компаниялар эмнеге сырттан кирген “Яндекске” атаандаш боло албай жатат?
"Яндекс" компаниясынын Орусиядагы дата-борборлоруна урулган дрон соккуларынан улам ага таандык Кыргызстандагы санарип платформаларынын иши да 11-октябрдан тарта үзгүлтүккө учурады. Компаниянын Бишкектеги такси кызматтары менен жеткирүү иштери бир нече күндөн бери үзүл-кесил иштеп жатат.
Дагы караңыз
"Яндекстин" иши Кыргызстанда да үзгүлтүккө учурады“Яндекстин” ишиндеги соңку үзгүлтүктөр Кыргызстандын такси жана жеткирүү рыногу бир санарип платформага көз каранды экенин көрсөттү.
Мамлекеттик салык кызматынын Атайын салыктык режимдер бөлүмүнүн инспектору Нуриза Азизбай кызы “Яндекс” Кыргызстандын такси рыногунун көпчүлүк бөлүгүн ээлей турганын айтат.
Нуриза Азизбай кызы
“2025-жылга жалпы таксопарктардан 1 млрд 216 млн сом салык түшкөн. Ал эми 2026-жылдын сегиз айында 1 млрд 104 млн сом түштү. Бүгүнкү күндө, чындыгын айтканда, “Яндекстин” үлүшү көбүрөөк. Азыр Кыргызстан боюнча олуттуу такси кызматтары жок да. Бизде азыр "ВБ-такси" менен "Жорго такси" да бар. Бирок, алар “Яндекстей” болуп бийиктикке көтөрүлө элек. Ошондуктан, азыркы учурда бир эле “Яндекс”.
"Яндекс" компаниясынын Кыргызстандын такси рыногундагы үлүшү
Депутат Дастан Бекешев мамлекет өз чечимдерин өнүктүрүүгө жана бул рынокто атаандаштыкты күчөтүү үчүн шарттарды түзүүгө киришүүсү керек деп эсептейт. Ал такси жана жеткирүү кызматтары үчүн Кыргызстандын өзүнүн санарип платформалары болушу керектигин, ал эми чет элдик компаниялардын дата-борборлору сыяктуу инфратүзүмдөрүн өлкө аймагында жайгаштыруу зарылдыгын айтат.
Кыргыз рыногуна 2022-жылдан тарта расмий кирген "Яндекс" башында "Яндекс.Такси Корп" деген компания катары катталган. Такси кызматын орустардын ээлигиндеги Yango Group холдингинин туунду компаниялары түзгөн. Алардын штаб-квартирасы Дубайда, ал эми санарип платформаларынын дата-борборлору Орусиянын аймагында жайгашкан.
Кыргызстанда иштеп баштагандан кийин эки жылга жетпей эле такси рыногундагы үлүшү кеңири жайылгандыктан, 2024-жылдын апрель айында үстөмдүк абалды ээлеген субъектилердин республикалык реестрине киргизилген. Монополияны жөнгө салуу кызматы ал кезде компаниянын рыноктогу үлүшү 90% ашык болгонун билдирүүдө. Мамлекеттик салык кызматы берген соңку маалыматтарды талдаганда да “Яндекс таксинин” үлүшү 96% жеткенин көрөбүз.
Монополияны жөнгө салуу кызматы такси рыногундагы соңку жагдайлардын атаандаштыкка тийгизүүчү таасирлери изилденип жатканын билдирди.
“Мындай жагдай атаандаштык чөйрө, башка компаниялардын рынокто иштөө шарттары жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын сактоо маселелерин ар дайым назарда кармоону талап кылат. “Яндекстеги” үзгүлтүктөр санарип платформалар калктын күнүмдүк керектөөлөрүн камсыздоодо кандай маанилүү ролду аткараарын айкын көрсөтүп турат. Рынок бир колго чогулганда ири агрегатордун ишиндеги техникалык үзгүлтүктөр олуттуу көлөмдөгү колдонуучулар менен рыноктун катышуучуларын, анын ичинде айдоочулар менен курьерлерди камтып кетет. Ушуга байланыштуу, Антимонополия кызматы өз ыйгарым укуктарынын алкагында ушундай кырдаалдардын атаандаштык абалына, кызматтардын керектөөчүлөргө жеткиликтүүлүгүнө жана рыноктун катышуучуларынын иштөө шарттарына мүмкүн болгон таасирин баалап жатат”.
Дагы караңыз
Украин күчтөрү "Яндекстин" үчүнчү дата-борборуна сокку урдуТакси рыногунда “Яндекс” менен “ВБ таксиден” тышкары дагы бир катар жергиликтүү такси компаниялары иштейт. Алардын бир тобун “Яндекс” өзүнө өнөктөш кылып алган. Мындан улам, көпчүлүк айдоочулар бир эле учурда “Яндекс”, “ВБ такси” же дагы башка такси операторуна катталып, өзүнчө буйрутмаларын алып иштей берет.
Бир кездери калк арасында популярдуу болгон “Жорго Таксинин” рыноктогу көлөмү алтынчы орунга түшкөн. Кеңири суроо-талапка ээ болуп келген дагы бир компания “Намба Такси” соңку учурда такыр эле көрүнбөй калган.
Анын себебин компаниянын түзүүчүсү Аман Тентиев мындайча чечмелейт.
“Биз 2011-жылы баштаганбыз, рынокто 10 жыл иштедик. Белгилүү бир деңгээлде өнүккөн мезгилибиз болду. Бирок, бул экономикалык маселе. Ири монополисттер менен атаандашуу абдан кыйын. Ошондо бизнесибиздин стратегиясы боюнча чечим кабыл алышыбыз керек болду. Инвесторлорду тартыш керек эле, бирок ири корпорациялар менен атаандашуу кыйын болгондуктан, ага мүмкүн болбоду. Биз азыр назарыбызды азык-түлүккө топтогонбуз, финтех чечимдерди жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү кызматтарын көрсөтөбүз. Ал жакка да өтө чоң акчалар керек. Биздин каражатыбыз тартыш болуп каларын түшүндүк. Андыктан, биз же чакан компания бойдон каларыбызды, же өзүбүз үчүн кызыктуу болгон ишке назар топтошубуз керектигине ынандык. Анан биз электрондук коммерция жана финтех жагына оодук. Экинчи себеби, ири монополисттер менен атаандашууда бизди колдогон фонддор чыкпай койду”.
2024-жылы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Яндекс Таксинин” кеңсесин тинтип, салыктан качуу жана айдоочулардан алынуучу үстөк пайызын жасалма көтөрүү боюнча айып таккан. Маселеге Орусиянын өкмөтү кийлигишип, Мишустин кыргыз кесиптеши Адылбек Касымалиевге “маселени чеч” деген өктөм талап койгон. Ал жылы казынага 482 млн сом төккөн компаниянын 2025-жылдагы төлөмдөрү үч эсе өскөн.
2025-жылы “Яндекс.Такси Корп” компаниясынын аталышы "СапарТех КейДжи" деп өзгөргөн. Ошол жылы июль айында “Яндекстин” санарип платформаларын колдонгон айдоочулар менен курьерлердин саны 100 миңге жеткени кабарланган. Сентябрдан тарта такси айдоочулары менен курьерлерден киреше салыгы менен камсыздоо төлөмүн чогултуу милдети жүктөлгөн.
Мамлекеттик казынага төккөн төлөмдөрүнө караганда, “Яндекс Такси” Кыргызстандын жүргүнчү ташуу жана жеткирүү рыногундагы эң ири компания болуп эсептелет. Бир жылда эле Кыргызстандын такси рыногунда монополисттик деңгээлге чыгып, ошондон бери кирешеси эселеп өсүп келет. 2025-жылы жалпы төлөмдөрү 1,3 млрд сомго жакын болсо, 2026-жылдын тогуз айында 1,5 млрд сомго жетти.
Антимонополия кызматы билдиргендей, такси агрегаторлорунун иши олуттуу технологиялык жана финансылык чыгымдар менен коштолот. Мобилдик тиркемелерди ар дайым өнүктүрүп туруш керек, маалыматтык тутумдардын туруктуу иштешин камсыздоо, тарифтерди эсептөө механизмдерин жаңылоо, сапардын коопсуздугу жана айдоочу менен байланышты кармоо зарыл.
Аман Тентиев
Ишкер Аман Тентиев Кыргызстандын такси рыногу кантип бир колго чогулган жөнүн айтып берди.
“Компаниянын жүгүртүүсү өтө чоң, ал чоң корпорация. “Яндекс” – такси же жеткирүүчү компания эле эмес, ал карта дагы, навигация дагы, ошондой эле маркетплейс дагы. Ал акчасы көп орусиялык ири холдинг. Аны менен атаандашуу өтө кыйын. Анткени, алар бир эле мамлекетте иштеген жергиликтүү компаниялардын колунан келбеген чоң маркетингдик жана башка түркүн акцияларды кыла алышат. Ошондуктан, мындай компания менен атаандашуу абдан кыйын. Кыргызстанда иштеп, жылына болжол менен 500 миң же бир миллион доллар тапкан такси компаниясы бир нече миллион долларын тиркеме иштеп чыкканга жумшай албайт. Ошондуктан, иштеп чыгуучулар командасы, картасы, навигациясы өңдүү ири технологиялык ресурстары бар ири корпорациялар менен атаандашуу алар үчүн абдан кыйын. Ошондуктан алар рынокто монополист болуп калышты”.
2026-жылдын июль айында жүргүнчү ташыган такси ишмердигин милдеттүү лицензиялоо тартиби киргизилген.
Антимонополия кызматы билдиргендей, ошондон тарта такси айдоочуларынын саны кыскарып, рыноктогу такси кызматынын сунушу азайганы байкалган. Суроо-талап мурдагы көлөмдө сакталып, бирок такси унаалары азайгандыктан, таксини күтүү убактысы узарат жана кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү төмөндөйт. Айдоочуларды кармоо үчүн айрым компаниялар бонус төлөө сыяктуу кошумча чараларды колдонуп келишет. Мунун баары керектөөчүлөр үчүн такси баасынын өсүшүнө алып баруучу жагдай болуп эсептелет.