Бишкекте автобус айдоочусу алты машинени сүзүп, төрт адам жаракат алды

Иллюстрациялык сүрөт.

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы 15-октябрдын кечинде Бишкек шаарынын Чүй проспектисинде бир нече автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы болгонун билдирди.

Баштапкы маалыматка караганда, №38 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Zongtong үлгүсүндөгү автобусту айдап бараткан айдоочу Чүй проспектиси менен батыш багытты көздөй бара жатып жол чырактын сигналына ылайык жүрүп бараткан алты машинени сүзгөн. Алар: Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү автоунаалар.

Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган. Алардын экөө мээси чайкалган деген диагноз менен Улуттук госпиталга кайрылып, амбулатордук медициналык жардам алышкан. Дагы эки киши көкүрөгүнөн жана моюнунан жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына кайрылып, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген.

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы коомдук транспорттун айдоочусу мас болгонун кабарлады. Кырсык боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында жол кырсыгынан 464 адам каза болду. 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы катталып, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.

Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

Пакистанда мектептин чатыры урап, кеминде 27 окуучу, мугалим каза болдуАбдибаеванын мандатын алууну талап кылган юрист УКМКга чакырылганын айттыЗеленский Орусиянын мунай заводдору кайра бутага алынарын билдирди Президенттик шайлоо: кыргыз тили боюнча тесттен Жапыкеев да өтпөй калдыПрезиденттик шайлоо: Суваналиев кыргыз тилинен тест тапшырып, 4 балл жетпей калганын айттыКыргызстандан өтүп Казакстанда баңгизат менен кармалган Navai'нин окуясы териштирилүүдө