Кара-Сууда алты жашар кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бала бакча кызматкери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы жеке менчик бала бакчалардын биринде алты жаштагы кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бакчанын 50 жаштагы кызматкери 13-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 15-октябрда Кара-Суу райондук соту чыгарды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Ыплас аракеттер” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Жабырлануучунун апасы алты жаштагы кызы сексуалдык зомбулукка кабылганын, милицияга арыз жазып, бирок тергөө создугуп жатканын билдирген. Ал окуя 2026-жылдын август айында болгонун, кызы ага тарбиячы жыныстык мүчөсүн көрсөтүп, кармоону талап кылганын айтып бергенин “Азаттыкка” кабарлаган. Аял 13-августта милицияга арыз жазганын, бирок тергөөнүн жүрүшүнө нааразы болуп 12-октябрда прокуратурага да кайрылганын кошумчалаган.

Камакка алынган шектүүнүн жубайы, бала бакчанын ээси айыптоолорду четке кагып, окуяны “жалган” деп атаган.

Ош облустук милициясы кызга соттук психологиялык-психиатриялык экспертиза дайындалып, айрым корутундуларды күтүп жатканын билдирген. (BTo/NKu)

Дагы караңыз

Бишкекте автобус айдоочусу алты машинени сүзүп, төрт адам жаракат алдыПакистанда мектептин чатыры урап, кеминде 27 окуучу, мугалим каза болдуАбдибаеванын мандатын алууну талап кылган юрист УКМКга чакырылганын айттыЗеленский Орусиянын мунай заводдору кайра бутага алынарын билдирди Президенттик шайлоо: кыргыз тили боюнча тесттен Жапыкеев да өтпөй калдыПрезидент Жапаров Бакуда Азия кеңешмесинин саммитине катышуудаПрезиденттик шайлоо: Суваналиев кыргыз тилинен тест тапшырып, 4 балл жетпей калганын айтты