Ереванда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча саммит башталды

Ереван.

Армениянын борбору Ереванда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 конференциясынын алкагындагы лидерлер саммити башталды. Иш-чарага бир катар мамлекеттердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана жаратылышты коргоо жаатындагы адистер катышууда.

Саммитке ошондой эле БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе келген.

Антониу Гутерриш саммиттин алкагында сүйлөп жатып, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодогу негизги көйгөйлөрдүн бири жаратылыш ресурстарын казып алуу тармагынын саясий чечимдерге таасирин атады. Ал өкмөттөрдүн жаратылышты коргоого болгон милдеттенмелерин күчөтүү жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого бөлүнгөн каражатты көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.

Саммиттин максаты 2030-жылга чейин биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушун токтотуу жана жаратылышты калыбына келтирүү боюнча эл аралык аракеттерди күчөтүү болуп эсептелет.

БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын COP17 конференциясы Ереванда 19–30-октябрда өтөт. Анын жүрүшүндө өлкөлөр Куньмин–Монреаль глобалдык алкагынын максаттарынын аткарылышын баалап, жаратылышты коргоо боюнча кийинки кадамдарды талкуулашат. (KS)

Дагы караңыз

Кара-Сууда алты жашар кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бала бакча кызматкери кармалдыБишкекте автобус айдоочусу алты машинени сүзүп, төрт адам жаракат алдыАйзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалдыКиевдин энергетика тармагы бутага алынды Пакистанда мектептин чатыры урап, кеминде 27 окуучу, мугалим каза болдуАбдибаеванын мандатын алууну талап кылган юрист УКМКга чакырылганын айттыПрезиденттик шайлоо: кыргыз тили боюнча тесттен Жапыкеев да өтпөй калдыПрезиденттик шайлоо: Суваналиев кыргыз тилинен тест тапшырып, 4 балл жетпей калганын айтты