Тогуз айда 21 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында (январь айынан сентябрга чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 21 миң 138 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталды. Бул 2025-жылдын алгачкы тогуз айына салыштырганда 29,8% же 4854 фактыга көп.

Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен 30, “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” беренеси менен беш, “Ден соолукка жеңил залал келтирүү” менен 190, “Зордуктоо” менен 48, “Үй-бүлөлүк зомбулук” беренеси менен 35 кылмыш иши козголгон.

Расмий статистика өлкөдө үй-бүлөлүк зомбулук фактылары өсүп жатканын көрсөтөт. Кыргызстанда 2024-жылы ички иштер органдарынын маалыматты каттоо электрондук журналына 17 миң 316 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% же 4212 окуяга көп.

2025-жылы ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча 22 миң 152 факты катталган. Былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 656 кылмыш иши козголуп, мында 458 аял, 104 бала жана 94 эркек киши жабыркаган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте автобус айдоочусу алты машинени сүзүп, төрт адам жаракат алдыЕреванда биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча саммит башталдыКара-Сууда алты жашар кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бала бакча кызматкери кармалдыАйзада Субакожоева Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп дайындалдыКиевдин энергетика тармагы бутага алынды Пакистанда мектептин чатыры урап, кеминде 27 окуучу, мугалим каза болдуАбдибаеванын мандатын алууну талап кылган юрист УКМКга чакырылганын айтты