Рим папасы Путинди Олешкиге соккуну токтотууга чакырды

Оккупацияланган Олешки.

Рим папасы Лев XIV Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украинанын Херсон облусундагы Олешки шаарына гуманитардык жардам жеткирүү жана жайкын тургундарды эвакуациялоо үчүн ок атышууну токтотууга чакырды. Бул тууралуу Vatican News басылмасы кабарлады.

"Сүйлөшүү учурунда Папа Херсон облусунун Олешки шаарындагы оор гуманитардык кырдаалга терең тынчсыздануусун билдирип, азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүүгө, ошондой эле жайкын тургундарды ыктыярдуу жана коопсуз эвакуациялоого мүмкүнчүлүк түзүү үчүн ок атышууну токтотууга чакырды", - деп айтылат Ватикандын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Кремль да Путин менен Рим папасынын телефон аркылуу сүйлөшкөнүн ырастаган. Орус тараптын маалыматына караганда, Орусиянын президенти Олешкидеги гуманитардык кырдаал үчүн жоопкерчиликти Украинанын бийлигине жүктөгөн.

Олешки шаары Днепр дарыясынын Орусия басып алган сол жээгинде жайгашкан. Kyiv Independent басылмасынын 10-октябрдагы маалыматына ылайык, шаарда эки миңге жакын адам, анын ичинде 50гө жакын бала калган.

Шаар тургундары азык-түлүк, суу жана электр энергиясынын кескин тартыштыгына туш болушкан. Элди эвакуациялоого миналанган жолдор, учкучсуз учактардын чабуулдары жана Орусиянын көзөмөл-өткөрүү бекеттериндеги текшерүүлөр тоскоолдук жаратууда.

Дагы караңыз

Самарканддагы дипломатия: АКШнын кызыгуусу, Борбор Азиянын маанисиАКШ - Борбор Азия: Экономикалык жана энергетикалык кызматташтык COP17: Биотүрдүүлүктү сактоо үчүн Кыргызстандын төрт демилгесиЖапаров Ысык-Көлдү сактоо үчүн эл аралык трасттык фонд түзүү сунушун кайталадыКара-Сууда алты жашар кызга ыдык көрсөткөн деген шек менен бала бакча кызматкери кармалды