Путин оккупациядагы Донбасста иштеген италиялык кабарчыга орус жарандыгын берди

Винченцо Лоруссо

Орусиянын президенти Владимир Путин 21 адамды орус жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Алардын арасында Италияда туулган, Орусиянын мамлекеттик RT (Russia Today) телеканалынын кызматкери, "Донбасс Италия" Telegram-каналынын автору Винченцо Лоруссо бар.

Ушул эле жарлык менен RT телеканалында иштеген дагы бир нече чет элдик журналист Орусиянын паспортун алды. Алардын арасында Германияда туулган, телеканалдын немис редакциясында иштеген Улрих Голке, Дагмар Хенн жана Анн-Кристин Иверсен, ошондой эле Эквадордо туулган RT Español телеканалынын алып баруучусу Мария Исабел Севальос Симанкас бар.

Мындан тышкары, Орусиянын жарандыгын канадалык хоккейчи, Москванын ЦСКА командасынын коргоочусу Жереми Руа, "Торпедо-Горький" командасынын хоккейчиси Итай Авраам Голан жана Босния жана Герцеговинада туулган, Серб православ чиркөөсүнүн өкүлү Драган Шарич алышты.

Винченцо Лоруссо - RT телеканалынын кабарчысы жана "Donbass Italia" каналынын негиздөөчүсү. Ал Луганск шаарында жашайт. Лоруссо Орусиянын Украинага басып киришин ачык колдойт. Медиа изилдөөчүлөр белгилегендей, ал Кремлдин көз караштарын жана билдирүүлөрүн Европанын аудиториясына жайылтат.

Путин буга чейин да Кремлди колдогон медиа чөйрөсүндөгү чет элдиктерге Орусиянын жарандыгын берген. Алардын арасында Швейцариянын жараны Адриан Боке жана АКШнын жараны Питер Лавелл бар. Адриан Боке Евробиримдиктин санкциялык тизмесине киргизилген.

Дагы караңыз

Рим папасы Путинди Олешкиге соккуну токтотууга чакырдыСамарканддагы дипломатия: АКШнын кызыгуусу, Борбор Азиянын маанисиАКШ - Борбор Азия: Экономикалык жана энергетикалык кызматташтык Жапаров Ысык-Көлдү сактоо үчүн эл аралык трасттык фонд түзүү сунушун кайталадыСтамбулда селден кийинки куткаруу жана тазалоо иштери уланууда