Жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болгон Сыймык Жапыкеевди милиция кармап кеткени айтылууда. Социалдык колдонуучу Кыялбек Матаев анын Бишкектеги милиция бөлүмдөрүнүн биринин алдында турган видеосун жарыялады. Жапыкеевдин айтымында, милиция аны 19-октябрга караган түнү үйүнөн алып кетишкен, ага карата арыз түшкөнүн маалымдашкан.
ИИМ Жапыкеевдин айткандары боюнча комментарий бере элек.
"Азаттыктын" булактары Жапыкеев "Бейбаштыкка" шектелип жатканын билдиришти.
Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчылыгына дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен.
Жапыкеев президенттик шайлоого катышуу нитетин билдирип, 8-октябрда “Кыргызтест” мекемесинде мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча тест тапшырып, өтпөй калган. Ал лексика, грамматика, окуудан жана сүйлөөдөн өтүп, жазуудан жетиштүү балл топтой алган эмес.
“Кыргызтест” мекемеси ички тартипке ылайык, тесттен 50-59 балл алгандар үч күндөн, 40-49 упай чогулткандар 10 күндөн жана 40 баллдан төмөн алгандар 30 күндөн соң кайра сынакка кирсе болорун билдирген.
Өлкөнүн президентин шайлоого талапкерлерди көрсөтүү жараяны 25-сентябрда башталган. Шайлоо мыйзамдары боюнча президенттикке талапкерден арыздарды алуу шайлоого 75 күн калганда, 13-ноябрда токтойт.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт. Шайлоо 27-январда өтөт.(КЕ)