20-октябрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 18…23;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10, күндүз 18…23;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 12…17.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүз 20…22° жылуу болот.