Кыргызстанда 2027-2028-окуу жылынан тарта студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүк программасы ишке кирет. Анын алкагында гранттык (бюджеттик) орундарга тапшырган студенттер үчүн ротация милдеттүү болот.
Бул тууралуу 19-октябрда Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин өкүлү Айнура Исрaилова брифингде билдирди.
Анын айтымында, гранттык орунга тапшырган абитуриент сынактан өтсө, программага катышат. Студенттерге окууга тапшырууда гранттык же гранттык эмес орунду тандоо укугу берилет.
Исраилованын маалыматына караганда, аймактарга барып окуган студенттерге ай сайын 2,5 миң сом стипендия берилет. Мындан тышкары, учак билеттерине же башка транспорттук чыгымдарына каражат бөлүү каралууда. Ошондой эле аймактардагы 11 жогорку окуу жайда заманбап жатаканалар курулат.
Учурда министрлик программанын жобосун иштеп жатат. Анда квоталар, окуу багыттары жана башка шарттар аныкталат. Кийинки окуу жылына чейин абитуриенттерге жана ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Президент Садыр Жапаров өлкөдө түндүк-түштүк болуп бөлүнүүгө жол берилбеши үчүн жогорку окуу жайларда бюджеттик квота менен окуган студенттерди ротациялоого болорун, бул эмдиги жылдын сентябрынан башталарын быйыл февралда билдирген.
Кыргызстанда 81 жогорку окуу жайы катталган. (ZKo)