Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды

Опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева акыркы сапарга узатылды. 22-октябрь, 2026

22-октябрда А.Малдыбаев атындагы улуттук академиялык опера жана балет театрында опера өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү Кайыргүл Сартбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Маркум менен коштошууга бир катар өкмөт мүчөлөрү, коомдук жана саясий ишмерлер, журналисттер, жакындары жана санаалаштары катышты. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Кайыргүл Сартбаева дүйнөдөн кайтканын маркумдун жакындары 20-октябрда кабарлашкан.

СССРдин эл артисти Кайыргүл Сартбаева 1936-жылы 20-июнда Кемин районундагы Кара-Булак айылында туулган. Ал Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктагандан кийин, 1962-жылы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти болуп эмгек жолун баштаган.

Чыгармачылык карьерасында ырчы 50дөн ашык опералык партияны аткарган. Алардын арасында «Айчүрөк» операсындагы Айчүрөк, «Манастагы» Каныкей, «Токтогулдагы» Калыйман, П.И. Чайковскийдин «Евгений Онегин» операсындагы Татьяна, Ж.Пуччининин «Чио-Чио-Сан» операсындагы Баттерфляй жана Ж.Вердинин «Аида» операсындагы башкы каарман бар.

Камералык ырчы катары да таанылып, кыргыз композиторлорунун көптөгөн чыгармаларын алгачкылардан болуп аткарган. Анын ариялары, романстары жана ырларынын 600гө жакын жазмасы Кыргызстандын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын «Алтын фондуна» кирген.

1980-жылы СССРдин эл артисти наамын алган.

Кайыргүл Сартбаева педагог катары да кыргыз музыка өнөрүнүн өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал бир катар окуу жайларда вокалдан сабак берип, 1986–1989-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору болгон. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда дагы бир Су-30 аскердик учагы кыйрады Германияда Орусиядан уран ташууга каршы нааразылык акциясы өттүОрусия украин армиясына жалданган деп соттолгон Хаббардды Трамптын суранычы менен бошотту Орусиянын дизелин тарткан биринчи танкер АКШга жөнөйт