Акыйкат издеп Баткенден Бишкекти көздөй жөө жолго чыкканын билдирген активист Батма Жолболдуева менен президент Садыр Жапаровдун жолугушуусу 27-октябрга белгиленди. Бул тууралуу активист өзү «Азаттыкка» кабарлады.
Жолболдуеванын айтымында, ал 160 чакырым жөө басып өткөндөн кийин президенттик администрациядан өкүлдөр байланышкан.
«Мен 160 чакырым жөө жүргөндөн кийин президенттин администрациясынан чалышып, Ноокен районунда президент Жапаровдун эл менен жолугушуусуна киреримди айтышкан. Бүгүн президенттин администрациясынын башчысынын орун басары Азамат Кадыралиев Жапаров мени адвокат менен Бишкекте жеке кабыл аларын айтты», - деди Жолболдуева.
Активист 17-октябрда Баткенден жөө жолго чыкканын билдирген. Ал өзүнө карата мыйзамсыз кылмыш иши козголгонун, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн куугунтугуна кабылганын жана жөө жүрүшүнүн максаты акыйкаттык издөө экенин айтууда.
Блогер Батма Жолболдуева 2024-жылдын 25-декабрында Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, 2022-жылы Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында отурганда зордук-зомбулукка кабылганын билдирген. Ошондой эле камакта жаткан кезде ар кандай кысым болгонун, жакындары алып келген тамак-аш менен кийим-кече алынганын айткан.
Бул билдирүүдөн кийин Ички иштер министрлиги атайын маалымат таратып, Жолболдуева буга чейинки соттук териштирүүлөрдө зордуктоо тууралуу дооматтарды көтөрбөгөнүн белгилеген. Мекеме анын соңку билдирүүлөрүн «коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу аракети» деп сыпаттаган.
36 жаштагы Жолболдуева Баткендеги ашкана жана дүкөндөрдүн санитардык абалын, товарлардын жарактуу мөөнөтүн текшерген видеолору аркылуу коомчулукка таанылган. 2022-жылдын март айында камакка алынып, ошол эле жылдын август айында үй камагына чыгарылган.
Ага Баткендеги журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү», «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу», «Документтерди жасалмалоо» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча айып коюлган.
2023-жылдын май айында Баткен облустук соту Жолболдуеваны «Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү» жана «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренелери боюнча актаган. Ал эми «Ээнбаштык» боюнча күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айыпка жыккан. «Документтерди жасалмалоо» беренеси менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок жаза өтөөдөн бошотулуп, бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алынган.
Кийин бул өкүмдү Жогорку сот күчүндө калтырганын Жолболдуеванын мурдагы адвокаты Назгүл Сүйүнбаева «Азаттыкка» билдирген.(TAb/КЕ)