Бишкекте жол кырсыгынан 16 жаштагы өспүрүм каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 24-октябрга караган түнү адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы катталды. Кырсык болжол менен саат 01:50дө Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Баштапкы маалымат боюнча, 25 жаштагы Э.А. аттуу айдоочу Lexus LX 570 үлгүсүндөгү автоунаасы менен Чыңгыз Айтматов проспектиси менен бара жатып Москва көчөсүнө келгенде жол чырактын кызыл жарыгына өтүп кеткен. Натыйжада Москва көчөсүндө бара жаткан мотоскутерди сүзгөн, мотоскутер жол чыракта токтоп турган Weltmeister EX-5 үлгүсүндөгү автоунаага урулган. Мотоскутерди айдап бараткан өспүрүм ошол жерде каза болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү ("Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу") менен кылмыш иши козголду.

Lexus LX 570 унаасынын айдоочусу кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кырсыктын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында жол кырсыгынан 464 адам каза болду. 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы катталып, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.

Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын энергетикасына кайрадан сокку урдуАк үй Орусия менен Украина Олешкиде ок атууну токтотууну макулдашканын билдирди Президент Жапаров Агартуу министрлигинин санариптештирүү ишин "нөл" деп бааладыОрусия менен Украина 270тен согуш туткундарын айырбаштады"Биздин акчага унаа, Бишкектен үй алышкан". Жалал-Абадда Жапаровго даттанышты