Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков Базар-Коргон районундагы 13 гектар жерди жана мурдагы колхоз базарын мыйзамсыз ээлеп алган деген дооматтарды четке какты.
Депутат соцтармакка жазган билдирүүсүндө 13 гектар жер тилкеси 2000-жылы райондук администрациянын буйругу менен апасы мүчө болгон "Кылым кыздары" коомдук уюмуна пайдаланууга берилгенин, 2006-жылы апасынын ээлигине өткөнүн, 2013-жылы кыш заводу курулганын, учурда ишканаларда 60ка жакын адам иштей турганын билдирди.
Депутат ошондой эле Базар-Коргондогу мурдагы колхоз базарынын имараттары аукцион аркылуу сатылганын, анын ата-энеси да башка жарандар сыяктуу бир бөлүгүн сатып алганын билдирди. Анын айтымында, жер реформасынан кийин имараттар жайгашкан жер тилкелери мыйзамда белгиленген тартипте менчик ээлерине берилген.
Ал райондук кадрдык дайындоолорго кийлигишет деген дооматты да четке кагып, депутат катары мыйзамда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде гана иш жүргүзөрүн белгиледи.
22-октябрда президент Садыр Жапаровдун Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушуусунда депутатка байланыштуу дооматтар айтылган. Жергиликтүү тургун Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков район аймагында 20 гектардан ашуун жер тилкелерин мыйзамсыз иштетип жатканын айткан. Жолугушууга катышкан облустук прокурор кыш заводуна байланыштуу арыз боюнча иштер жүрүп жатканын, ал эми тогуз гектар жер боюнча маселе сотто каралып жатканын билдирген.
Президент депутат тууралуу дооматтарды текшерип, мыйзам чегинде иш жүргүзүүнү прокуратурага тапшырган.
Айбек Алтынбеков Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына №13 шайлоо округунан шайланып келген. (ZKo)