Ырчы жана комузчу Аскат Жетиген саясатка киришкенин жарыялады. Ал мындан аркы ишмердүүлүгүн саясий позициясынын алкагында жүргүзөрүн жана маданиятты, тарыхты, кыргыздын салттуу музыкасын өнүктүрүүгө басым жасай турганын Фейсбуктагы баракчасында билдирди.
"Мен саясатка кириштим! Арийне, мындан аркы алып бара турган ишмердүүлүгүм конструктивдүү түрдө саясий позициямдын алкагында болмокчу. Позициям мурда кандай болгон болсо, мындан кийин да ошондой болот!" - деп жазды ал.
Ырчы чыгармачылыгы тууралуу айтып, саясаттагы ишмердүүлүгү аркылуу маданияттын, тарыхтын жана кыргыздын салттуу музыкасынын актуалдуулугун арттырып, дүйнөгө жайылтууга аракет кыларын белгиледи. Ошондой эле өзүнүн мындан аркы ишин эл үчүн кызмат кылууга багыттай турганын билдирип, келечек жаштардыкы экенин жазган.
"p.s. Бул бийлик кетет. Же азыр кетет. Же эртең кетет. Же жакшы кетет. Же жаман кетет!
Качан, кандай кеткен күндө да, ордун баса тургандар - БИЗБИЗ!
Калганын убакыт көргөзөт!" - деп жазды Аскат.
Аскат Жетиген “Бийликти басып алууга чакырык жасоо” беренеси менен айыпталып, үч жыл Чүйдүн Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү мекемесинде камакта отуруп чыкты. Ал күнөөсү жоктугун белгилеп, ырайым сурабай, өзүнө чегерилген үч жылдык мөөнөттү толук өтөгөнүн билдирген.
Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”), экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жарыялаган видеосунан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) негизинде.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан.
“Массалык башаламандыктарга чакыруу” беренеси боюнча актаган. Кийинки инстанциялар бул өкүмдү күчүндө калтырган.
33 жаштагы Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын, жарандык активист. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен 20дан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.
Жетиген бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган. (ZKo)
Дагы караңыз
Шерине