Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып Мисирге (Египет) кирүү эрежелери өзгөрөрүн эскертти. Жаңы талаптар Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү болот.
ТИМдин маалыматына ылайык, Мисирге өз алдынча баргандар визаны алдын ала тариздеп, өлкөнүн коопсуздук органдарынын макулдугун алышы керек. Визаны Мисирдин Астанадагы элчилиги же башка ыйгарым укуктуу дипломатиялык өкүлчүлүктөрү аркылуу алууга болот.
Мындан тышкары, Мисирге туристтик компаниялар аркылуу баруучу 16 жаштан 40 жашка чейинки жарандар атасынын, апасынын, жубайынын же баласынын коштоосунда саякаттоого тийиш. Ошондой эле саякатчылардын жанында кеминде 3 миң доллар накталай акча болушу керек. Ал эми бир үй-бүлө чогуу саякаттаганда кеминде 5 миң доллар накталай акчасы болушу шарт.
Туристтик компаниялар саякатчылардын телефон номерлерин каттоого, топтун сапар программасын алдын ала түзүүгө жана келгенден кийин катышуучулардын паспортторун сактоого алууга милдеттүү. Паспорттор өлкөдөн чыгып жатканда ээлерине кайтарылат.
Эгер туристтик топтун мүчөсү белгиленген күнү өлкөдөн чыгып кетпесе, компания бул тууралуу Мисирдин тиешелүү органдарына токтоосуз билдирүүгө тийиш. Ошондой эле туристтик виза менен киргендер сапардын максатын өзгөртө албайт.
ТИМ 1-ноябрдан тартып Мисирге барууну пландап жаткан жарандарды авиабилет сатып алардан мурда кирүү талаптарын тактоого жана визаны алдын ала тариздөөгө чакырды.
Кошумча маалыматты Мисирдин Астанадагы элчилигинен +7 (7172) 24-18-30; +7 (7172) 28-60-67 телефондору аркылуу же embassy.astana@mfa.gov.eg электрондук дарегине кайрылып алууга болот. Кыргызстандын ТИМинин Консулдук департаментинин телефону: 0999 312 002.(ZKo)
ТИМ Мисирге баруучу кыргызстандыктарга жаңы талаптар тууралуу эскертти
Тышкы иштер министрлиги. Бишкек, Кыргызстан.