Коомдук ишмер Роза Айтматова 89 жашында дүйнөдөн кайтты

Роза Айтматова.

Белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу жана педагог, физика-математика илимдеринин кандидаты, аялдар укугун коргоого чоң салымын кошкон Роза Айтматова 89 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу aitmatov_official баракчасы кабарлады.

"Терең кайгыруу менен 89 жаш курагында Роза Айтматованын дүйнөдөн кайтканын кабарлайбыз. Роза апабыздын жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат", - деп жазылган анда.

Роза Айтматова залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашыт. 1937-жылы 8-мартта Москва шаарында туулган. Атасы Төрөкул Айтматовдун репрессияланышына байланыштуу, апасы Нагима Айтматова жана бир туугандары Чыңгыз, Илгиз, Люсия менен чогуу Таласка көчүп келген.

Мектепти аяктагандан кийин, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун физика-математика факультетин бүтүргөн. Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеп, кристаллография багыты боюнча физика-математика илимдеринин кандидаты даражасын алган. Кийин жогорку окуу жайында окутуучу жана тарбия иштери боюнча проректор болуп эмгектенген.

1995-жылы Роза Айтматова Бээжинде өткөн Аялдардын абалы боюнча төртүнчү дүйнөлүк конференцияга катышкан. 1996-жылы кесиптештери менен бирге "Аялдарга жардам берүү борбору" коомдук уюмун негиздеген. Ал аялдардын укуктарын коргоо, гендердик теңчилик жана аялдардын коомдук-саясий турмушка катышуусун кеңейтүү багытында иш алып барган.

1997-жылы Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенцияны кыргыз тилине которуп, анын жоболорун түшүндүрүүгө багытталган окуу материалдарын даярдоого катышкан. Ал ошондой эле аялдардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө багытталган "Гендердик мектеп" программасын жетектеген.

Роза Айтматова сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон атасы Төрөкул Айтматовдун өмүрүн жана ишмердигин изилдеген. 1937-жылы камакка алынып, 1938-жылы 5-ноябрда атылган атасы жөнүндө архивдик документтерге негизделген изилдөөлөрдү жүргүзүп, эскерүү китептерин жазган. (ZKo)

Дагы караңыз

Пара алууга шек саналып кармалган УКМКнын мурдагы эки жетекчиси үй камагына чыктыБаткен коогалаңында курман болгондор эскерилди Бишкек шаарына жылуулук 28-октябрда берилетСот Элдар Жакыпбеков баш болгон беш адамды камакта калтырды"Тирүү келсе экен дейбиз". Ирак түрмөсүндөгү кыргызстандык аялдар Садыр Жапаров сотторду УКМК кызматкерлеринен "коркпоого" чакырды