26-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов (72 кг чейин) грек-рим күрөшү боюнча коло байге алды. Ал үчүнчү орун үчүн беттеште орусиялык спортчу Мингиян Горяев менен күрөшүп, 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.
Ушуну менен күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргызстан эки медал алды. 25-октябрда Акжол Махмудов (82 кг чейин) да грек-рим күрөшү боюнча коло медал тагынган. Ушуну менен грек-рим күрөшүнөн мелдештер аяктады.
27-октябрда кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер башталат. “Барыс аренада” 50, 57, 65 жана 76 кг чейинки салмакта кыргызстандык спортчу кыздар килемге чыгышат.
Амантур Исмаилов 28 жашта. Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2022), Азия оюндарында 3-орунду (2018) ээлеген, Азия чемпионатында коло медалды тагынган (2021), 23 жашка чейинкилер арасында да Азия чемпионатында коло байге уткан (2019). Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш медалынын ээси (2021), Польшада өткөн Ziolkowski Pytlasinski, Poland Open эл аралык мелдешининин жеңүүчүсү (2024). (BTo)