ИИМ Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматты четке какты

Адахан Мадумаров 2026-жыл, 20-октябрь.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Адахан Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматты четке какты.

ИИМ жарандарды жалган маалыматтарды таратпоого жана коомчулукту адаштырбоого чакырып, текшерилген, расмий булактардан алынган маалыматтарга гана ишенүү керектигин билдирди.

28-октябрдын кечинде социалдык тармактарда Адахан Мадумаровду белгисиз адамдар сабап кеткени боюнча маалыматтар тараган. Саясатчы өзү комментарий бере элек.

2024-жылы 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Адахан Мадумаровду коюлган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен деген негизде жаза чегерген эмес. Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан.

Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 10-июлунда Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралганын билдирген. Саясатчы ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Адахан Мадумаров “Азаттык” радиосуна берген маегинде иш “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен тергелип, өкүм чыгардын алдында ал “Бийликтен аша чабуу” беренесине алмашканын айткан. Саясатчынын соту жабык өткөндүктөн, берене өзгөртүлгөнү тууралуу маалымат берилген эмес.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу жаран 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге да айып тагылган.

Адахан Мадумаров өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, соттун чечимин “жапайычылык” деп баалаган. Ал азыркы бийликти кескин сынга алган саналуу саясатчылардын бири.

Жогорку сот 20-октябрда буга чейинки соттук инстанциялар чыгарган өкүмдү күчүндө калтырган. (BTo)

Дагы караңыз

Тажик бийлиги Рогун ГЭСиндеги окуяга резервуардын жарылышы себеп болгонун маалымдады Израил: Нетаньяхунун блогу шайлоодо аз айырма менен алдыда баратат Бишкек 28-октябрда абанын булганышы боюнча экинчи орунга чыктыИспанияда эки поезддин кагылышуусунан каза тапкандар 60тан ашты Прокуратура Аскат Жетиген кыйноого кабылганы тууралуу арыз жазышы керектигин билдирди“Кемпир-Абад иши”: Суранованын мамлекеттен кенемте өндүрүү арызы сотто карала баштадыТемир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы тоскоолдуктарды сынга алды