Кожомкул айылында мектептен чыккан өрт өчүрүлдү

Өрт кырсыктарынын бири. Сүрөт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен алынды.

29-октябрда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Кожомкул айылындагы Горький көчөсүндө жайгашкан мектептен өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлагандай билим берүү мекемесинен чыккан өрт саат 12:09да чектөөгө алынып, саат 12:36да толук өчүрүлгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.

Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Агартуу министрлиги өрт мектептин экинчи кабатынын 27 кабинетинен саат 11:20да чыкканын, билим берүү мекемесинин администрациясы 1200 окуучуну эвакуациялап, колдогу өрт өчүрүүчү шаймандар менен тилсиз жоону өчүрүүгө аракет кылганын билдирди. Мектеп 30-октябрда онлайн окууга өткөрүлдү. (BTo)

Дагы караңыз

Транспорт министрлиги карга байланыштуу ашууларда жолдор тайгак болорун эскертти Москвага 600дөн ашуун дрон менен чабуул болду. Аэропорттор ишин токтотту Кыргызстанда тогуз айда жол кырсыгынан 572 адам каза болдуБишкек 28-октябрда абанын булганышы боюнча экинчи орунга чыктыБишкектин абасында зыяндуу PM2.5 бөлүкчөлөрү нормадан ашты Журналист Махабат Тажибек кызы сотто көрсөтмө берип бүттү“Тазалык” ишканасына 92 миң сом айып пул салындыБразилияда шайлоодо утулган Болсонару АКШга барып, өзүн "мыйзамдуу президентмин" деп атады