“Бишкек жылуулук электр борборунун” орточо электр кубаттуулугу 223 МВт түзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы кабарлап, ушул тапта алты от казан агрегаты жана төрт турбоагрегат иштеп жатканын, дагы сегиз от казан агрегаты жана үч турбоагрегат резервде турганын билдирди.
“Ишкана учурдагы жүктөмгө жана белгиленген иштөө режимдерине ылайык электр жана жылуулук энергиясын туруктуу өндүрүүнү улантууда”, - деп айтылат маалыматта.
29-октябрь саат 10:00гө карата Бишкек шаарындагы “Бишкекжылуулук тармагы” муниципалдык ишканасынын тейлөөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн 77% жакыны жылытуу системасына кошулду.
Борбор калаада жылытуу мезгили 28-октябрда башталган. Министрлер кабинети 2024-жылы Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берген. (BTo)