Июнь окуясы: Жогорку сот Исмаил Исаковго козголгон кылмыш ишин кыскартты

Исмаил Исаков. Архив.

Жогорку сот 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартты. Жогорку сот мындай токтом 28-октябрда чыкканын “Азаттыкка” билдирди.

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик Ош окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөргөн.

Жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаковго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган.

Кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу болгон.

Исмаил Исаковдон башка саясатчылардын иши Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунда “кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен” деген негизде кыскартылганы айтылды.

Кылмыш иши боюнча 2022-жылы 20дай саясатчы сурак берген. Президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын ошол кездеги башчысы Камчыбек Ташиев да Башкы прокуратурага суракка кирип чыккан. УКМКга Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөө тапшырмасын Садыр Жапаров берген.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынын кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, кандуу калабада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жаракат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15дөн ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

Кадыржан Батыров сыртынан соттолуп, анын мүлкү мамлекеттин пайдасына чегерилген. Ал өзүнө коюлган айыптарды маалымат каражаттары аркылуу четке кагып келген жана 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда каза болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Олешкиде атышпоо режими сакталып жатканы айтылды Ооганстан: Талибдер той-топурда фейерверк колдонууга толук тыюу салдыКожомкул айылында мектептен чыккан өрт өчүрүлдүКыргызстанда тогуз айда жол кырсыгынан 572 адам каза болдуБишкек 28-октябрда абанын булганышы боюнча экинчи орунга чыктыЖурналист Махабат Тажибек кызы сотто көрсөтмө берип бүттүИИМ Мадумаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматты четке какты