Орусиянын Волгоград шаарындагы түрмөдө жаза өтөп жаткан Тажикстандын жарандары мекенине которууга көмөктөшүүнү өтүнүп расмий Дүйшөмбүгө кайрылышты. Алар түрмө кызматкерлери Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинадагы согушка барууга мажбурлап, катуу кысым көрсөтүп жатышканын билдирүүдө.
29-октябрда камактагылардын экөө "Азаттыктын" тажик кызматы - "Озодиге" байланышып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн 150дөй жараны, анын ичинде 60ка жакын тажикстандык ушундай кысымга кабылып жатканын билдиришкен. Коопсуздугун эске алып, редакция алардын аты-жөнүн жарыялаган жок.
Уюлдук телефонго араң жетип, Тажикстандын Орусиядагы элчилиги менен байланышканын айткандар:
"Биз мекенибизге кайткыбыз келет. Жазабызды ошол жактан өтөөгө даярбыз. Ал тургай Рогун ГЭСинде акысыз иштөөгө да макулбуз. Ал эми бул жерде бизди жөн гана өлүмгө таштап жатышат", - деп кошумчалашты.
"Озоди" 30-октябрда Тажикстандын Москвадагы элчилиги менен байланышууга аракет кылган, бирок телефон чалууларга жооп болгон эмес.
Тажик жарандарынын айтымында, Волгограддагы түрмөдө Борбор Азиядан баргандардын көбү баңгизатка байланыштуу кылмыштар, жумушка орношуу же жашоого уруксат алуу үчүн документ жасалмалоо, экстремизм жана бейбаштык боюнча соттолгон. Көбү чыгарылган өкүмдөрдү негизсиз деп эсептешет.
Кайрылгандар учурда катуу режимдеги атайын бөлүмдөрдө кармалып жатканын билдиришкен. Айтымында, акыркы бир жылда Волгограддагы бир түрмөдөн 100дөн ашык борборазиялык Украинадагы согушка жөнөтүлгөн. Алардын 40ка жакыны Тажикстандын жарандары экенин, бири да аман калбаганын айтууда.
Бул Орусияда жазасын өтөп жаткан тажикстандыктардын мекенине которууну өтүнгөн биринчи кайрылуусу эмес. 2023-жылы Казанда абактагы тажикстандыктар да согушка жөнөтүү максатындагы кысымдан кооптонуп, тажик бийлигинен жардам сурашкан.
Ал эми 2026-жылы жазында жана жайында Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова Орусиянын түрмөлөрүндө жаза өтөп жаткан 200гө жакын тажикстандык аялды мекенине которуу маселесин кароону сунуштаган.
Украинанын «Хочу жить» мамлекеттик долбоорунун маалыматына караганда, 2022-жылдан бери Орусия Украинадагы согушка катышууга кеминде 5 308 тажикстандыкты тарткан. Алардын 446сы каза болгону аты-жөнү менен ырасталган. Долбоор бул тизме толук эмес экенин, маркумдардын жана дайынсыз жоголгондордун чыныгы саны бир нече миңге жетиши мүмкүн экенин белгилейт.
Ошол эле учурда Тажикстандын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы өлкөдө Украинадагы согушка катышканы үчүн бир да адамга кылмыш иши козголбогонун билдиришкен. Бул өлкөнүн мыйзамдарында жалданмачылык үчүн жоопкерчилик каралган.