Акыркы мезгилде Баку менен Анкаранын ортосунда чыңалуунун белгилери байкала баштаган.
Быйылкы саммитте Түрк мамлекеттери уюмуна (ТМУ) төрагалык кылуу Азербайжандан Түркияга өттү. Ошол эле маалда азери президенти Илхам Алиев "алдын ала пландалган" ички иш-чараларга байланыштуу Анкарадагы жыйынга катышкан жок. Өлкөнүн атынан Анкарага тышкы иштер министри Жейхун Байрамов барды.
Мунун алдында Түркия менен Азербайжан ортосунда хижаб маселесине байланышкан талкуулар күчөгөн эле.
Эрдогандын кеңешчиси Октай Сарал Азербайжанды мектептеги чектөөлөрдү кайра кароого чакырган. Азербайжандын бийликтеги партиясы анын билдирүүсүн сындап, мындай пикирлер эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин, ички иштерге кийлигишүү болуп эсептелерин эскерткен. 25-октябрда Эрдоган Саралды кызматынан алганы кабарланган.
Талаш сентябрда азери мектептеринде формага байланыштуу эрежелер өзгөргөндөн кийин чыккан. Документте хижаб тууралуу түздөн-түз айтылган эмес, бирок айрым окуу жайларда жоолук салынган окуучу кыздарды сабакка киргизбей койгон учурлар катталып, нааразылык акцияларына чейин жеткен. Азербайжандын Ички иштер министрлиги 37 адам кармалганын маалымдаган.
Эки өлкөнүн бийликтери ортодогу чыңалуу тууралуу сөз кылбайт. Алиев 29-октябрда түрк лидери Режеп Таип Эрдоганды Түрк жумуриятынын күнү менен куттуктады.
Бирок айрым журналисттер 31 жылдан бери эки боордош өлкөнүн мамилелери мынчалык салкын тартпаганын айтышууда.
Чыңалуу күчөгөн маалда Азербайжан 30дан ашуун түрк жаранын “жагымсыз адамдардын” тизмесине киргизип, кийинчерээк түркиялык жети журналистке издөө жарыялаган.
«Азаттыктын» азери кызматынын маалыматына караганда, Түркияда Баку бийлигин хижаб маселесине байланыштуу сындагандарды полиция суракка алып жатат. Алардын бири, стамбулдук басылманын өкүлү Мухаммед Эмин Йылдырым аны азери бийлигинин өтүнүчү менен полиция бөлүмүнө жетиришкенин айтып берди.
Полициянын эки кызматкери үйүмө келип, кармоо ордери бар деп айтышты. Себебин сурасам, социалдык тармакка «чет өлкөлүк мамлекеттин башчысына акаарат келтирген» пост жазганымды айтышты. Башкача айтканда, Алиевге акаарат келтирди деп полицияга алып барышты. Мен мыйзам бузган эмесмин», - деп айтты журналист.
Йылдырым Азербайжандын Түркиядагы консулдугу алдында нааразылык акциясын уюштургандардын бири болчу. Ал хижаб кийгени үчүн мектепке кирбей калган кыздардын укуктарын гана коргогонун билдирди.
Саясий аналитик Мубариз Ахмадоглу Азербайжан бийлигинин дарегине айтылган сынды "жалаа жабуу жана жок жерден жаманатты кылуу аракети" деп атады:
“Түрк тараптан бизге каршы багытталган мындай активдүүлүккө мурда-кийин туш болгон эмеспиз. Эми Түркия түзгөн кырдаалдан улам жадакалса ал өлкөнүн жаранына издөө салууга туура келди. Азербайжандагы адам укуктары чектелгенин айтышат. Адегенде өзүңөрдү, өз үйүңөрдө эмне болуп атканын, адам укуктары бузулганын, журналисттердин камалганын карап алгылачы”.
Тарыхчы Мухаммед Кемалоглунун пикиринде, Түркиянын бийлиги сөз болгон кишилерди суракка алуу үчүн полицияга алып барууга аргасыз болгон:
“Менимче, Эрдоганга андай чечим кабыл алуу оңой болгон жок. Израил же хижаб маселеси болобу, абдан сезимтал темалар. Иш жүзүндө азыркы абалда ал чегинүүгө барды. Алиевдин көңүлүн алып, чыңалууну басаңдатуу үчүн түрк жарандарын суракка тартууга уруксат берди”.
Ошол эле учурда эксперттер эки өлкөнүн ортосундагы пикир келишпестиктер мектеп формасы маселеси менен эле чектелбей турганын белгилешет. Анкара менен Бакунун Израилге жана айрым аймактык процесстерге болгон көз караштары айырмаланат. Азербайжан Израилди маанилүү стратегиялык өнөктөш деп сыпаттаса, Түркия акыркы жылдары анын саясатын кескин сындайт.
Түрк дүйнөсүн маанилүү борборго айлантуу зарылдыгы
“Түрк доору: тил, ой жана аракеттердин биримдиги» деген жыйындын катышуучулары соода, транспорт, энергетика, санарип тармагындагы кызматташуу жана аймактык интеграция маселелерин талкуулашты.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк дүйнөсүн соода, транспорт жана энергетиканын маанилүү борборлорунун бирине айлантуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, Ортоңку коридор келечектеги соода байланыштарын калыптандырууда өзгөчө роль ойнойт.
Эрдоган ошондой эле Ирандын айланасында чыңалуунун күчөшү дипломатиялык жол менен жөнгө салынышы керектигин белгилеп, куралдуу жаңжалдардан алыс болууга чакырды.
Палестина маселесине кайрылган Эрдоган түрк мамлекеттерин адилет чечимге жетишүү үчүн көбүрөөк аракет көрүүгө үндөдү. Ал Газадагы калкка гуманитардык жардам жеткирүүгө жана жаңжалдан кийинки калыбына келтирүү иштерин мүмкүн болушунча эрте баштоого колдоо көрсөтүүгө үндөдү.
Сөзүнүн соңунда Эрдоган түрк мамлекеттеринин биримдигинин маанисин баса белгилеп, «түрк дүйнөсүндө ажырымга жана пикир келишпестиктерге орун жок» деп билдирди.
Жыйында лидерлер Анкара декларациясын кабыл алышты.
Саммиттин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго «Түрк дүйнөсүнүн Жогорку ордени» ыйгарылды.
"Ынтымак Ордонун" маалыматына караганда, андай чечимди Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлери кабыл алган.
Жапаров сыйлыкты жеке өзүнө эмес, кыргыз элинин түрк дүйнөсүнүн биримдигин бекемдөөгө жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымына берилген жогорку баа катары кабыл аларын билдирди.
Бийик деңгээлдеги жолугушууга катарлаш Түрк жумуриятынын күнүнө арналган иш-чаралар уюштурулду.
Бейшембиде ошондой эле Түрк мамлекеттеринин цивилизациялар паркынын ачылышы аземи болду.
Түркия жумуриятынын түзүлгөнүнүн 103 жылдыгына арналган концертте түрк дүйнөсүнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген 400гө жакын артист, арасында дүйнөгө таанымал казакстандык ырчы Димаш Кудайберген өнөрүн тартуулады.
29-октябрда АКШнын президенти Дональд Трамп Эрдоган менен телефондон сүйлөшүп, Жумурият күнү менен куттуктады. "Анадолу" агенттигинин маалыматына караганда, лидерлер Түрк мамлекеттеринин саммитин талкуулап, америкалык президент жыйындын ийгиликтүү өтүшүн каалады.
Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы Нахичеванда Түрк кеңеши катары түзүлгөн. Анын курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Түркмөнстан, Венгрия, Түндүк Кипр Түрк Жумурияты жана Экономикалык кызматташтык уюму байкоочу макамга ээ.
Шерине