Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:49

Түрк тилдүүлөр ортосунда жүк ташуу жеңилдейби?


Казакстан парламентинин төмөнкү палатасы 22-майда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы жүк ташууларды жеңилдетүү боюнча келишимди ратификациялады. Эми Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан жана Түркия ортосунда товар ташыгандар жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорунан өтүшөт. 

Шаршембиде Казакстандын Мажилиси "Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ортосундагы жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридорун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо" мыйзам долбоорун жактырды. Эми уюмга мүчө өлкөлөр ташылып жаткан товарлар тууралуу күн мурунтан маалымат алышат.

"Келишим мамлекеттер ортосунда ташылып өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары боюнча электрондук маалымат алмашуу аркылуу бажы көзөмөлүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана талап кылынган убакытты кыскартуу максатында түзүлдү", - деди Казакстандын каржы министри Мади Такиев.

Министрдин айтымында, мыйзам долбоорунда бажы процесстерин автоматташтыруу жана кагазсыз декларациялоого өтүү аркылуу бажы операцияларын тездетүү, документтердин санын кыскартуу, ошондой эле бажы көзөмөлүнүн колдонуудагы формаларын жана ыкмаларын минималдаштыруу каралган.

Келишимдин жоболоруна ылайык, бажы органдары алдын ала жооптуу кызматкерлердин тизмесин аныктоого тийиш. Азырынча мүчө өлкөлөр кызматкерлердин тизмесин жарыялай элек.

Парламентте сөз сүйлөгөн Такиев Казакстан келишим ратификациялангандан кийин алты ай ичинде техникалык шарттар иштелип чыгарын кошумчалады.

"Жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридору" жана "соода операторлору"

Казак Мажилисинин тиешелүү комитетинин корутундусунда белгиленгендей, келишимдин алкагында "жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридору" жана "соода операторлору" деген түшүнүктөр киргизилет.

Мажлис депутаты, каржы жана бюджет комитетинин мүчөсү Эркин Абил "Азаттыктын" казак кызматына курган маегинде мыйзамдын негизги максаты – жеңилдетилген бажы коридорун түзүү жана өлкөлөр ортосундагы сооданы көбөйтүү экенин айтты:

"Албетте, бул келишим өлкөнүн экономикасы үчүн абдан пайдалуу болот. Себеби, биз азыр дүйнөгө товарыбызды эки багытта экспорттойбуз. Биринчиси - Орусия аркылуу Европага, экинчиси - Кытай аркылуу өтөт. Негизги максат - акыркы 10 жылда тез өнүгүп жаткан Транскаспий жолун бекемдөө. Бул Транскаспий жолу аркылуу Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан өз продукциясын Азербайжан, Түркия аркылуу Европага чыгара алат. Жалпысынан жөнөкөйлөштүрүлгөн бажы коридору биринчи кезекте санариптик платформа болот. Бажы операцияларына байланыштуу маалыматтар бир жерде топтолот, андыктан ар бир чек ара бекетинде өзүнчө процедуралар болбойт", - дейт Эркин Абил.

2022-жылы 11-ноябрда Самаркандда түрк тилдүү мамлекеттердин саммитинде өкмөттөр ортосунда жеңилдетилген бажы коридорун түзүү боюнча макулдашууга кол коюлган.

Түрк мамлекеттери уюмунун 9-саммити.
Түрк мамлекеттери уюмунун 9-саммити.

Мындай дымактуу демилгени алгач 2021-жылы уюмга мүчө өлкө башчыларынын Стамбулдагы саммитинде түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган көтөргөн. Ал түрк тилдүү мамлекеттердин арасында соода экономикалык чектөөлөрдү алып, кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштаган.

Макулдашууну былтыр Азербайжан, Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, быйыл эң акыркы болуп Казакстан ратификациялады. Бул өлкөлөрдун ортосундагы товар жүгүртүү 2023-жылы 42 миллиард доллардан ашкан, 2022-жылы бул көрсөткүч 33 миллионго жеткен.

"Cооданын көлөмү өсөт"

Түркиялык талдоочу Сердар Йылмаз уюмдаш мамлекеттердин ортосунда бажы коридорунун түзүлүшү менен оболу соода коопсуздугу сакталарын жана Борбор Азиянын базарына чоң артыкчылык берилерин "Азаттыкка" айтты:

"Түрк мамлекеттери бул жеңил бажы системасы аркылуу бири-бири менен маалымат алмашуу жана ири соода мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Эгер алар эски үлгүдөгү бажы системасынан арылып, электрондук бажы системасына өтүшсө, убакыт текке кетпейт. Мисалы, товар Стамбулдан жүктөлгөндө, маалымат дароо эле түрк өлкөлөрүнө жөнөтүлөт. Ошондой эле түрк мамлекеттери соода көлөмүнүн өсүшү менен бири-бирине жакындашат. Өзгөчө түркиялык товарларга Борбор Азия базарында көбүрөөк артыкчылык берилип, эки тараптуу сооданын көлөмү өсөт. Бул келишимден ар бир мамлекет пайда көрөт. Убакыт үнөмдөлөт, маалымат тез алмашат жана уюмдаш мамлекеттер чогуу аракет кылууга эрктүү болот", - дейт Йылмаз.

Сердар Йылмаз
Сердар Йылмаз

Түрк мамлекеттери ратификациялап жаткан келишим Украина-Орусия тирешүүсү, Москвага каршы санкциялар күчөп турган маалга туш келди. Казакстандык депутаттар Европадан товар мурдагыдай Орусия аркылуу гана эмес, эми Түркия аркылуу да ташыларын айтышат.

"Негизинен бизге Орусия, Украина аркылуу келген товарларга азыр кадимкидей тоскоолдук пайда болду. Албетте, бул согушка байланыштуу. Андыктан биз экономикалык коопсуздугубузду эске алып, башка уюмдар менен иштешүүгө багыт алышыбыз керек", - деди казакстандык депутат Абзал Куспан "Азаттыктын" казак кызматына.

Орусия Украинага кол салып, андан кийин Батыш санкцияларды күчөткөндөн бери чөлкөмдөгү айрым компаниялар Москвага чектөөлөрдү кыйгап өтүүгө жардам бериши мүмкүн экени айтылып келет. Бул жаатта АКШ жана Европа Биримдигинин расмий өкүлдөрү Борбор Азияга, анын ичинен Кыргызстанга бир нече жолу келип, бул "жардамдын" кесепетин түшүндүрүүгө аракет кылган.

Соңку эки жылда Орусиянын Борбор Азиядан импорту арбыды. Буга негизинен Орусиянын Кытай менен соода-сатыгынын, экономикалык алакасынын күчөшү өбөлгө түзүүдө. Акыркы учурларга чейин Кытайдан, мисалы, Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылган автоунаалар эселеп өскөнү белгилүү.

Сердар Йылмаз дал ушундай кырдаалда ратификацияланган жаңы келишим Борбор Азиядагы мамлекеттерге коңшулаш Кытай үчүн "кымындай да тоскоол болбостугун", бирок Орусия муну жактырбай турганын айтты:

"Бээжинге бул келишим эч кедерги болбойт, анткени Кытай учурда Борбор Азия өлкөлөрүнүн биринчи соода өнөктөшү. Кытай Түрк мамлекеттери аркылуу көп акча табууда. Түрк тилдүүлөрдүн биргелешип аракет кылышы Бээжинди көп тынчсыздандырбайт. Түрк мамлекеттери Шинжандагы уйгур маселесин ансыз деле айтпай жатканы Кытай менен болгон мамиледе экономиканын биринчи орунда экенин ачык көрсөтүп турат. Орусия болсо маселеге бир аз идеологиялык жактан карайт. Түрк тилдүү өлкөлөр Орусиянын таасири азайып баратканын билишет. Эми анын соода-алакадагы позициясы алмаштырылгыс эмес. Бул жерде Орусиянын бир гана "таянган таягы" - орус тилинин чөлкөмдө кеңири колдонулуп жатканы жана борбор азиялыктардын Орусияда жыш отурукташканы. Ошондуктан Орусия түрк тилдүүлөрдүн иштешүүсүн жактырбайт, бирок эгемен түрк мамлекеттеринин кызматташуусуна тоскоол боло албайт".

Түрк инвестициялык фонду ишин баштады

Ал тапта 18-майда Стамбул шаарында Түрк инвестициялык фондунун Башкаруучу өлкөлөр кеңешинин биринчи жыйыны өттү.

Түркиянын каржы министри Мехмет Шимшек жыйында сөз сүйлөп, жыл аягына чейин түрк мамлекеттери дүйнөлүк экономикада маанилүү орунга көтөрүлөрүн, сооданын көлөмү дээрлик 2 триллион долларга жетери күтүлүп атканын айтты:

"Түрк мамлекеттеринин ортосундагы соода көлөмү 2024-жылдын аягына чейин 1,9 триллион долларга, калктын саны 178 миллионго жетиши күтүлүүдө. "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" стратегиялык документинин алкагында Түрк инвестиция фондун түзүүдөгү эң чоң максатыбыз - түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык жана соода карым-катнаштарынын өнүгүшүн камсыз кылуу. Түрк инвестициялык фондун 500 миллион доллар уставдык капитал менен түзүп жатабыз. Бул фонд мамлекеттик жана жеке сектордун өнүгүшүн тездетет", - деди Шимшек.

Деген менен оппозициячыл Республикалык элдик партиянын төрага орун басары Өзгүр Карабат Шимшектин фонд тууралуу айткан сөзүнө каршы пикирин билдирди. "Инфляция көйгөйү тунгуюкка баратат. Ал эми Мехмет Шимшектин күн тартибинде фонддор бар. Түрк инвестициялык фондунун түзүлгөнүн жар салган Мехмет Шимшек кандай эсеп жүргүзүп атат? Кайсыл булактан фондго капитал которулду?" - деп жазды ал Х баракчасына.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөр фондго бирдей каражат бөлөрүн, башкы кеңсеси Стамбулда жайгашарын, фонддун уставдык капиталы 350 миллион доллар болорун кабарлаган. Ар бир тарап уставдык капиталды бирдей өлчөмдө - 70 миллион доллардан төлөрү белгиленген.

Түрк инвестициялык фонддун түзүү тууралуу келишимге былтыр 16-мартта Анкарада Түрк мамлекеттер уюмунун cаммитинин кезексиз жыйынында кол коюлган. Ага уюмга мүчө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле байкоочу макамында Венгриянын премьер-министри, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын төрагасы катышкан.

Аталган фонддун иши негизинен түрдүү тармактардагы (инфраструктура, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба, туризм, IT ж.б.) биргелешкен долбоорлорду колдоого багытталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG