Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Кыргыз-казак өнөктөштүгү реалдуулукка айланабы?


Коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматовдун блогу.

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Чет өлкөлүк, асыресе Борбор Азияга кылдат көз салып, ар бир кыймыл-аракетти көз жаздымында калтырбай, өз кызыкчылыктарынын призмасынан тикирейе карап турган Орусиянын медиа каражаттары Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жакында Астанага расмий сапар менен барарын, эки мамлекеттин башчылары Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда шериктеш мамилелер тууралуу келишимге кол коёрун маалымдашты.

Кыргыз медиа мейкиндигинде мындай жаңылык азырынча жарыялана элек. Дипломатиялык мекеме маалымат чыгарбай жатканы түшүнүктүү, анткени ички мамлекеттик процедуралар толук аяктай элек, болочок келишимдин жоболору такталууда. Бирок орус басылмалары Астана регионалдык союз түзүүдө, Кыргызстан менен Өзбекстан Казакстандын аскерий өнөктөшү болмокчу деген аталыштагы макалаларды жарыялап, Казакстандын демилгеси катары баалап жиберишти.

Болочоктогу келишим эки тарапка тең, ал тургай бүтүндөй регионго керек деңизчи, ошентсе да демилгенин авторлугун Казакстанга ыйгаруунун Москва менен Астанага көбүрөөк белгилүү жүйөлөрү бар экендиги талашсыз.

Эң жакын тууган, кандаш, тектеш жана тагдырлаш коншу эки өлкөнүн ортосундагы шериктештикти бекемдөө жана кеңейтүү тууралуу болжолдонгон келишимде Кыргызстан менен Казакстан бири-биринин кызыкчылыктарына шек келтире турган бирикмелерге жана уюмдарга кирбөө милдеттенмесин алмакчы дейт маалымат булактары. Бирок бул жаңы милдеттенме эмес, анткени Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы Түбөлүк достук жөнүндөгү 1997-жылдагы келишимдин 4-беренесинде да ушул жобо белгиленген. Андан тышкары эки мамлекеттин ортосунда 2003-жылы кол коюлган Союздаш мамилелер жөнүндө келишимде да тараптардын бирине каршы баскынчылык актысы жасалган учурда, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын 51-статьясына ылайык жамааттык коргонууга болгон укуктарын ишке ашыруу иретинде, ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун чегиндеги механизмдерди пайдалануу менен бири-бирине зарыл болгон жардам, анын ичинен аскердик жардам дагы көрсөтүшөрү аныкталган. Союздаш мамилени кенейтүүгө жана чыңдоого багытталган келечектеги келишимде аскерий кызматташтыкка басым жасалат окшойт. Эки мамлекеттин аймагы жана ресурстары макулдашкан тараптардын суверендүүлүгүнө, коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө шек келтирген аракеттер үчүн кимдир бирөөлөр тарабынан пайдаланышына жол берилбестиги белгиленет экен.

Айтмакчы, Астана менен Ташкент да мындан бир аз мурдараак союздаш мамилелерди чыңдоо тууралуу эки тараптуу келишим түзгөн эле. Казак-өзбек союздаштыгы тууралуу соңку келишимде да эки өлкөнүн бирине коркунуч жараткан учурларда бири-бирине дароо жардамга келет деген жобо белгилениптир. Аскерий кызматташуунун жана дароо берилүүчү жардамдын шарттары жана механизмдери башка документтерде аныкталса керек, бирок өз ара мамилелерди чыңдоого багытталган жана аскерий компонентти камтыган союздаштык регионду колдон чыгаргысы келбеген оюнчулар менен региондогу субъектилердин бүйүрүн кызытары турулуу иш. Кыргыз-казак, казак-өзбек союздаштыгы бирөөлөргө каршы уюшма эместиги анык. Бул алардын эрки жана кызыкчылыктарынан улам чыккан кадам. Бирок конфронтация кычаган азыркы учурда айрым мамлекеттер ар кандай союздарды түпкүлүгүндө бирөөгө каршы аракеттердин институционалдык жыйындысы деп кабыл ала баштагандай. Тигил же бул бирикмеге каршы мамлекеттердин пропагандасы да ушул маанайда экени соңку мезгилде ого бетер байкалууда.

Ансыз деле түрк тилдүү коңшу мамлекеттердин мындай союздаштыктарына Тажикстан не дейт сымал суроо жаралышы да ыктымал. Тажикстан менен конфликттерге себеп болуп келген кыргыз-тажик чек ара маселеси акырындап чечиле баштады, буюрса. Албетте, биздин союздаш мамилелер, айрыкча аскерий кызматташтык тиешелүү тараптарга түшүндүрүүнү, ынандырууну жана этияттыкты талап кылат, эң негизгиси, күмөн саноого шылтоо боло турган опуртал кадам жасабашыбыз абзел.

АКШ менен Кытай, Орусия, отко жакын шиш тез кызый турганын жакшы билген, Азиядагы экономикалык активдеринин бир тобунун ээси бойдон калган Улуу Британия, Европа өлкөлөрү, Кытайдын күч-кубатынан чочулаган Жапония, өзөктүк держава Индия, Борбор Азияга таасирин күчөткүсү келген араб өлкөлөрү, Кытай менен тил табышууга ынтызар, АКШдан кол үзбөгөн Пакистан, Иран жаңы түзүлө баштаган глобалдык жана Борбор Азиядагы геосаясий конфигурациядан куру калып, четте тургусу келбейт. Ар ким өз пайдасын аркалайт, түркүн айла кылат, күч үрөйт. Бул - союздаш мамлекеттердин ар бири үчүн чакырык жана ошол эле учурда жаңы мүмкүнчүлүктөр.

Ооганстандагы кырдаал, орус-украин жаңжалы, тынчыбаган жана күч алган терроризм, ага тамырлаш наркотрафик, исламга жамынган экстремисттердин халифат куруу дымагы Казакстанды, Өзбекстанды, Кыргызстанды, Тажикстанды, Түркмөнстанды кадимкидей чочулатып, жарыша куралданууга, не бар, не жок, айтор даяр болууга мажбурлоодо.

Кытайды эң чоң коркунуч эсептеген АКШ Борбор Азия мамлекеттеринде Бээжинге каршы маанай жаратууга ынтызар. Бирок эртең эле эки держава тил табышып кетсе, анда АКШ чөлкөмдүн өлкөлөрүн кубаттуу гигант менен жалгыз калтырып, Орусиянын кучагында таштап, Ооганстандан кеткендей баса бериши ыктымал экенин баары боолголой алат. Ошентсе да Өзбекстан менен Казакстан АКШ жана Европа менен мамилесин чыңдоодо. Мисалы, Казакстандын тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу жакында Вашингтонго барганда мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен жолугуп, Казакстан менен АКШ стратегиялык өнөктөштүгүн бекемдөөгө ынтызар десе, Блинкен колдоосун аябай турганын, Казакстандын регионалдык жана глобалдык иштердеги лидерлигин баса белгиледи.

Анчалык камынып, бир топ макулдашуулардан соң болочоктогу документ бекеринен союздаш мамилелерди чындоо жана кеңейтүү тууралуу келишим деп аталып жатпаса керек (автор болочок келишимдин жумушчу аталышын колдонду), себеби мурдагы келишимдерде камтылган жоболорду конкреттештирүү, союздаш аталган мамилелерди декаларациядан реалдуулукка айлантуунун механизмдери так аныктоо зарылчылыгы жетиштүү. Маселен, болочок келишим дагы бир маанилүү макулдашууну камтымакчы, ал – эки өлкө кандайдыр бир үчүнчү жактар менен Кыргызстандын жана Казакстандын коопсуздугуна коркунуч келтире турган ар кандай аракеттерге жана кызматташууга барбоо милдетттенмеси. Бул конкреттүү жобо, оор түйшүк, үчүнчү жактарга келгенде - татаал милдеттенме. Учурда эл аралык экстремизм жана терроризм коркунучу бир да мамлекетти кыйгап өтпөй, баарыбызды тооруп турганы анык. Андыктан ушул эле аспектиден алганда өзүн исламчыл атаган же исламдын атын жамынган уюмдар үчүн эки өлкөнүн мамилесинде айрым ажырымдар бар. Туура, кыргыз президенти да, казак президенти да салттуу исламга, улуттук иденттүүлүккө, нарк-насилге шек келтирген агымдар жана көрүнүштөр тууралуу окшош пикирлерин удаа билдиришти. Ары коңшу, ары тектеш, радикализм менен фундаментализмдин таасири артып, коркунучун эми гана жон териси менен эми сезе баштаган өлкөлөрдүн башчылары керек сөздү бирдей айтып турганы дурус.

Радикалдашууну жана динди жамынган экстремизмди процесс дейли. Экстремисттик жана же террористтик конкреттүү уюмга же агымга карата позицияны кантебиз? Маселен, Орусия, Түркия, Канада сыяктуу бир катар мамлекеттер террористтик деп эсептеген “Талибанды” Казакстан 2005-жылы Жогорку Сотунун чечими менен тыюу салынган уюмдардын тизмесине киргизген эле. Лекин 2023-жылдын соңунда Бириккен Улуттар Уюмунун резолюциясы менен террористтик деп таанылган уюмдарга кирбейт деген жүйө менен Астана “Талибанды” тыюу салынган уюмдардын тизмесинен чыгарды.

Казакстан "Талибан" менен кызматташууда, былтыр биргелешкен бизнес-форумду өткөрдү. 2006-жылы соттун чечими менен “Талибан" кыймылына Кыргызстанда террористтик уюм катары тыюу салынган. “Таблиги жамаат” аталган, өзүн исламчыл эсептеген агымга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерде, анын ичинде Казакстанда экстремисттик агым катары тыюу салынган. Кыргызстан “Таблиги жамаатты” экстремисттик деп эсептебейт. Маселе барбы? Албетте бар. Актуалдашабы бул маселе? Аны мезгил көрсөтөт. Бирок убакыт десе качан гана ашынган жихадчылар менен халифатчылар, радикалдар менен экстремисттер тигил же бул өлкөнү же Борбор Азияны кайсы бир халифалыктын же эмираттын вилайети (областы) деп ураан чакырган учурду күтүү - бери болгондо кенебестик. Айталы, “Ислам мамлекети – Хорасан вилайети” аталган жана таасирин ыкчам арттырып бараткан террористтик уюм Борбордук Азия өлкөлөрүн тээ илгерки тарыхый аталышка таянып жана келечекти мелжеп, "Ислам мамлекетинин (ИГИЛ) Хорасан вилайетинин" ичиндеги аймак деп эсептейт. Демек, эки өлкө гана эмес, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан биргелешип, орток пикирге келип, ушул сыяктуу маселелерди эмитеден чечип алмагы, биргелешкен аракеттерди чындап көрмөгү абзел.

Терроризм демекчи, дагы бир жагдай саясатчы катары мени бир аз түйшөлттү. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов "Крокус Сити Холлдогу" террордук акт боюнча интвервьюсунда ушул террордук иштен кийин Казакстандын, Беларустун, Тажикстандын президенттери орус лидери Путинге дароо көңүл айтканын жана Орусия менен тилектештигин билдиргенин кеп кылды. Кыргыз президенти Садыр Жапаровдун көңүл айтуусу оозго алынган жок. Бирок Кыргызстанды башка жерде, башка өңүттө - террордук актылар болуп турган өлкө катары атады. Терроризмге байланыштуу Казакстанды оозанбайт. Былтыр эле “миңдеген террористердин кол салуусу болду” деп президент Токаев баалаган каңтар айындагы кандуу окуя аталганы жок. Эмне үчүн президент Токаев эл аралык террористтер кол салды деп жатса, жамааттык уюмдун насили казак баш катчысы постсоветтик аймактарда терроризмге байланыштуу окуялар тизмектелгенде баарын атап, Казакстанды айтпаганын түкшүмөлдөө кыйын эмес, тастыктоо оор.

Союздаштыкты чыңдоо десек, эки өлкө ортосундагы мамилелерде так аныкталып, болочок келишимде конкреттештириле турган маселелер арбын.

Түбөлүк коӊшу болуу тагдыры маӊдайына жазылган, тили, дили окшош, боордош, тагдырлаш этностор негизин түзгөн эки мамлекеттин, КМШ, ШКУ, ЕАЭБ сыяктуу регионалдык бирикмелерде өнөктөш эки өлкөнүн ортосунда соӊку 33 жыл ичинде экономика менен саясатта түбөлүк достукту жана союздаш мамилени айкындаган, бекемдеген, жарк эткен учурлар, жагымдуу окуялар проблемаларга караганда азыраак экен, тилекке каршы. Маданий алакабыз деле алыс узабаптыр.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы түбөлүк достук жөнүндө 1997-жылы 8-апрелде Алматы шаарында кол коюлган, эки өлкөнүн парламенттери ратификациялаган Келишимде эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык алаканы бекемдөө, товарлардын, капиталдын жана кызматтардын эркин жүгүртүлүүсү, транзиттик сооданы колдоо сыяктуу мыкты шарттарды белгилеген жоболор жарытып иштебептир. Евразия биримдигинин мүчөсү жана негизги бенефициарларынын бири болгон Казакстан транзиттик соодага тоскоолдугун ар дайым көргөзүп турганы аз келгенсип, ушул жылы марттын башында Кыргызстандан келүүчү азыктарга жана товарларга тыюу салмакчы болду. Кыргыз бийлигинин каршылыгы эске алынды окшойт, бул оюнан баш тартты. Бул союздаш мамлекеттин Кыргызстанга мамилесинин көрсөткүчү гана эмес, биздин да деӊгээлибизди даана айкындап турат. Демек, теӊ ата сүйлөшө албай келиптирбиз, колдогу аргументтерибизди колдоно билбей, керектүү жол-жоболор менен эрежелерди сактаганга шарт түзө албаптырбыз буга чейин.

Кыргыз-казак мамилелерине өткөн чактын күүсүнөн кайта элек жана улам күчөгөн, өзгөрүлмө факторлорду, геосаясий кырдаалды, оюнчулардын мүдөөсүн, дараметин, ишин, кадамын, лидердердин жана саясатты аныктаган инсандардын, топтордун аракетин тереӊ талдап, түшүнүп, сабак алууга милдеттүүбүз.

Казакстандын олигархтарынын Орусия жана Кытай менен импорт-экспортко, транзитке, товар ташууга, кызмат көрсөтүүгө, логистикага ээлик кылуу, казак товарларынын экспортун, реэкспортту арбытууга далалаты жана башка аракеттери эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык мамилеге кесепетин тийгизип келди. Мамлекеттик кызыкчылыктардан, макулдашуулардан, биримдик эрежелеринен трансулуттук жана ири бизнесмендердин кусаматы жана дымагы, бажы менен салык кызматкерлеринин жеке, пайдакеч кызыкчылыктары күчтүүрөөк болгону жашыруун эмес, жаңылык да эмес. Президент Токаев казак бажысында коррупция гүлдөгөнүн өзү да соңку сөзүндө айтканы бар. Буга чейин бизди айыптап, биз силердин бажыда коррупция күч болгондуктан ушундай кадамга баруудабыз деп келишкен. Экономикалык утурумдук артыкчылыкты үстөмдүк катары ашкере колдонуу узакка натыйжа бербейт. Басмырлоо, эске албоо, четке кагуу эртеӊ тескери жыйынтыкка ээ болот. Демек, эми тең ата мамилени түзүүгө тийишпиз.

Кыргыз-казак мамилесинин 21-кылымда жана кийинки мезгилге алакасы тарыхка карата мамилеге жараша болмогу айныксыз чындык. Тамырлаш, тагдырлаш, боордош элдер арасында бурмаланган тарых мамилени оңдобойт, боорду бүтүн кылбайт. Кайсыл бир элдин дүйнөгө устун эместигин, өзгөлөрдү кем сезип, өзүн гана даӊазалоонун натыйжасы зыян экенин тарых далилдеп келди. Тарыхый чындыкты бурмалоо улутка абийир да, мөрөй да алып келбейт. Президент Касым-Жомарт Токаев кечээ жакында өткөн “Адилет Казакстан - Адал азамат” аттуу улуттук курултайда казак тарыхын даңазалаган көп томдук жазуу, чет мамлекеттерге арнап популярдуу баяндамаларды жайылтуу милдетин кеп кылды. Эң сонун милдет. Бирок да бир элдин тарыхын даңазалоо озуйпасы башка элдердин тарыхын бурмалоонун эсебинен жүрүп, ашынган этноцентристтик маанай жаратпоого, улут аралык мамилелерге көлөкө түшүрбөөгө тийиш. Кийинки муунга жана муундарга кыргыз-казак боордоштугун айныксыз тарыхый чындык экенин билдирген жагдайларды макулдашып алуу зарыл.

Ушул сыяктуу маселелердин тегерегинде казак боордоштор менен ачык, кенен сүйлөшүп, алар койгон кинелерди жоюп, биздин аргументтерди айтып, макулдашып алганыбыз туура.

Кыргызстан тез жүрүп жаткан геосаясий процесстерде “же тигил же бул” деген ажырым саясат менен “тигил да, бул да” деген ийкем саясаттын ортосунда чайналып келет. Кимдир бирөө менен союздаш болобу, бирикмеде же уюмда мүчө болобу, өз бетинче болобу, айтор мамлекет өз кызыкчылыгын жетиштүү коргой албаса, суверенитетин маңдайдан чыга калма кыйынчылыкта садага чаап жиберсе, анда уюм ичинде болобу, тышында калабы, келишим барбы же жокпу - баары бир, утулганы утулган. Өлкөлөр ортосунда кызматташтыктын жана атаандаштыктын эзелтеден бери универсал шарты ушул, мындан кийин да ушундай болмогу анык.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы болжонуп жаткан союздаш мамилелерди чыңдоого арналган келишим - бул саясий-дипломатиялык зарылчылык жана мындан аркы мамилелердин укуктук негизин чыңдоо аракети. Мамилелердин күңгөй-тескейин тактоого өбөлгө. Келишимдин аскерий компоненти потенциалдуу коркунуч жараткан акторлорго биримдиктин жана күчтүн демонстрациясы катары да кызмат кылат. Бирок, эл аралык мамилелердин бай тажрыйбасы көрсөткөндөй, мамлекеттер ортосундагы же эл аралык келишимдер өзүнөн өзү эле ишке ашып калбайт, дайыма эле натыйжалуу боло бербейт. Демек, Кыргызстан менен Казакстан анча белсенип, союздаш мамилелерди чыңдоого арналган келишимге жаңы геосаясий шартта жана реалдуулукта кол коё турган болгон соң, анын аткарылышы үчүн ар бири чындап күчүн үрөөгө тийиш. Болочок келишим – оор сыноо. Кагаздагы келишим тургай, оозеки сөзүн аткарууга жаны курман байыркы көчмөндөрдүн урпактары кыргыз менен казак эми убадасына турмагы – чоң моралдык, саясий жана укуктук жоопкерчилик.

XS
SM
MD
LG