Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

"Валдай" клубу: Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүнө эскертүүсү


Борбор Азиядагы беш мамлекеттин жана Орусиянын президенттери.
Борбор Азиядагы беш мамлекеттин жана Орусиянын президенттери.

Башкырстандын борбору Уфа шаарында 14-15-майда өткөн “Валдай” клубунун жыйыны бул ирет Борбор Азияга арналды. Анда Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин аймак менен Кремлдин кызматташтыгы өнүгөрүн айтып, АКШны, Батышты сындады.

Эксперттер Борбор Азия үчүн таасир талаш уланып жатканын, ага айрыкча орус-украин согушу өзгөчө таасирин тийгизгенин белгилешүүдө. Жыйынга Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев да катышты.

Орусиянын эскертүүсү

Орусия тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин "Валдай" клубунун 14-майда Борбор Азияга арналган жыйынында Москвада туруп сөз сүйлөп, "АКШ баштаган Батыш мамлекеттери чөлкөмгө ири инвестицияларды убадалап, аларды ар кандай орток долбоорлорго тартууга аракет кылып жатат" деп сынга алды.

"Мен Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери Батыштын саясаты канчалык коркунучтарды жана чакырыктарды өзүнө жашырып турганын жакшы түшүнөт деп ойлойм. Душмандарыбыздын стратегиялык эсеби бизге жакшы белгилүү – бул Орусия менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда араздашуу чогун жагып, мамилебизди суутуу. Кыязы, океандын ары жагындагылар жана Брюсселдегилер Борбор Азия өлкөлөрү Батыштын мындай экспансиясына каршы турбайт деп баладай ишенет окшойт. Биз болсо Борбор Азия мамлекеттеринин борборлору Батыш менен ашыкча жакындашуу канчалык коркунучтуу экенин жана ал кепилденген зыяндарга алып келерин, алардын элчилерин ээрчип, Орусияга каршы чектөөлөргө кошулуунун бардык тобокелчиликтерин жакшы түшүнөт деген ишенимдебиз".

Михаил Галузин "Валдай" клубунда Москвадан туруп онлайн сөз сүйлөдү
Михаил Галузин "Валдай" клубунда Москвадан туруп онлайн сөз сүйлөдү

Михаил Галузин Вашингтонду жана Брюсселди аймактын транспорт артерияларын, суу ресурстарын көзөмөлдөө максатында "оюндарды уюштуруп жатат" деп сынга алды. Анын пикиринде, “түстүү революциялардын коркунучу” дагы деле болсо Борбор Азияда сакталууда.

Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев форумга катышкан учурда Борбор Азия менен Орусиянын жогорку деңгээлдеги саясий диалогу өнүгүп жатат деп билдирди.

Муратбек Азымбакиев
Муратбек Азымбакиев

"Борбор Азия каякта, Орусия каякта деген мааниден алганда, Орусия биздин чөлкөм менен кандай кызматташат? Биздин Борбор Азия мамлекеттеринин биримдигинин ийгилиги менен иштеринин оңунан чыкпай калышы ошого жараша болот. Азыр кимдер гана Борбор Азияга каржылык, экономикалык, маалыматтык жана башка жолдор менен таасир этүүнүн аракетин жасап жаткан жок. Бул маселелерди биз акыл-эске салып чечүүгө аракет жасап жатабыз. Бийликке Садыр Жапаров келгенден бери тышкы саясатыбыздын көп маселелерин ал башка форматка өткөрүүгө жетишти. Ошондон улам бүгүнкүдөй аянтчалар биз канчалык бири-бирибизге жакын экенибизди дагы бир ирет далилдейт деп эсептейм".

Муратбек Азымбакиев өз учурунда Нурсултан Назарбаев демилгелеген Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилеринин жыл сайын өтүүчү саммити Өзбекстанда Шавхат Мирзиеёв бийликке келгенден кийин кайра жанданганын, ал дүйнөдөгү жана аймактагы тигил же бул маселелерди талкуулап, керек учурда бирдиктүү позиция иштеп чыгууга кызмат кылып жатканын белгиледи.

"Борбор Азия - маанилүү аймак"

Уфадагы жыйын учурунда Европанын өкүлү Борбор Азия Брюссель үчүн маанилүү чөлкөм экенин билдирди.

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала 14-майда Түркмөнстанда өткөн жыйында да Борбор Азияда ишмердикти күчөтүүгө ниети бар экенин кайтадлады.

"ЕБ Борбор Азия чөлкөмүндө абдан күчтүү орун алган. Биздин максатыбыз - бул өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө, жыргалчылыгына жана туруктуу өсүшүнө көмөктөшүү. Жакынкы 30 жылда биз Түркмөнстанда жана Борбор Азиянын башка мамлекеттеринде чөлкөмдүн жана Еврошаркеттин бакубаттыгы үчүн ишти улантабыз".

Тери Хакала быйыл январда Брюсселде Евробиримдик -Борбор Азия транспорттук инвестициялык форуму өткөнүн да эске салып, Транскаспий коридорунун долбооруна Европа 10 млрд доллар бөлүп жатканын билдирди.

Транскаспий коридору Европа менен Борбор Азияны байланыштырган эл аралык каттам болуп саналат. Ал аркылуу жүк бир аймактан экинчисине 15 күндүн ичинде жетет.

"Орусия мамилесин өзгөртүшү керек"

Саясат талдоочу Эржан Кайыпов Орусия Батышты сындагандан мурда чөлкөмдөгү мамлекеттер менен мамилесин оңдошу керек деп эсептейт:

“Батыштын бир айыбын издеп, ага шылтоологондун ордуна Орусиянын бийлиги 30 жылы бою стратегиялык жактан Борбор Азияда да, Кавказда дагы, башка аймактарда дагы кантип өз позицияларын жоготконун талдап, өз каталарынын үстүнөн ойлонушса туура болмок. 30 жыл бою кыргыз коомун Орусияга каршылаштырган иш бул - Орусиянын дипломаттарынын жумушунун натыйжасы. Коррупциянын жыйынтыгы, кыргыз мигранттарына болгон Орусиядагы расалык кемсинтүү, куугунтуктоо жана зомбулук дагы кошулуп келип Кыргызстандын коомун өткөн эле кылымда жүз жылдай бирге жашаган Орусиянын элине, коомуна каршылаштырып койду. Орусиянын жогорку окуу жайлары, билим берүү системасы Түркиянын, АКШнын, Батыш-Чыгыштын билим берүү системаларына уттуруп койгон. Бизнес жана башка тармактарда деле абал ушундай”.

Украинага кол салгандан кийин Орусияга салынган санкциялар бул өлкөнүн экономикасын эле эмес, соода өнөктөштөрүн дагы кайра карап чыгууга мажбурлады. Акыркы эки жылда Орусиянын Борбор Азия менен импорту артты, бул негизинен Орусиянын Кытай менен соода-сатыгынын, экономикалык алакасынын күчөшүнө байланыштуу. Акыркы учурларга чейин Кытайдан, мисалы, Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылган автоунаалар эселеп өскөнү белгилүү.

“Валдай” клубунда айтылган маалыматтар боюнча, өткөн жылы Орусия менен чөлкөмдөгү мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмү 44 миллиард доллардан ашып, беш өлкөнүн тышкы соодасынын 33% Орусияга туура келген.

Ошол эле учурда Кремлдин демилгеси менен эсептешүүлөр улуттук валютага өтө баштады. Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан менен эсептешүүлөрдүн 80%, Өзбекстан менен сооданын 55%, Түркмөнстан менен алаканын 24% улуттук валюталарда жүргүзүлүүдө.

Борбор Азиядагы мамлекеттерден Казакстан менен Кыргызстан Евразия экономикалык биримдиги уюмуна мүчө, ага жакында Өзбекстан байкоочу катары кызыга баштады.

Ошол эле маалда Кыргызстан Орусиядан соода алакасында жабыр тарткан учурлар жок эмес. Акыркы убакта Орусия Кытайдан Кыргызстан аркылуу ташылган автоунаалардын агымын бууп, колбаса, форель жана сүт азыктарына чектөөсүн киргизип келатат.

Орусия тыштан ташылып келген автоунааларды кайрадан бажыда каттоо чечимин чыгарып, салык киргизгенден кийин Кыргызстандан Орусияга ташылган жеңил автоунаанын саны кескин кыскарган. Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстандан бул мамлекетке ташылган автоунаалар былтыркыдан 83% азайып кеткен.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG