Орусия түндө Украинаны карай 400дөн ашуун дрон учурду

Сумыга сокку урулгандан кийин чыккан өрттү өчүрүп жаткан куткаруучу. 1-ноябрь.

1-ноябрга караган түнү Орусиянын аскерлери Украинаны көздөй "Шахед", "Гербера" жана жазгыруучу "Пародия" үлгүсүндөгү 433 дрон учурду.

Алардын 64ү реактивдүү дрондор болгонун Украинанын Аба күчтөрү билдирди.

Алдын ала маалыматтарга караганда, таңкы саат 07:30га карата абадан коргонуу күчтөрү 371 дронду атып түшүрүп, электрондук каражаттар менен иштен чыгарган.

16 жерде дрондор бутага тийгени, 14 жерде атып түшүрүлгөн дрондун сыныктары чачыраганы аныкталган.

Сумы облусунда Орусиянын бир нече соккусунан алты адам жараат алды. Сумы жана Конотоп аймактарында жарандык инфраструктура объектисине, автоунааларга жана имаратка чабуул жасалган.

Глухов аймагында орусиялык дрон түн ичинде турак жайларга чабуул коюп, чыккан өрттү өчүрүп жаткан учурда кайрадан сокку урулган. Соккудан эч ким жабыркаган эмес. Өрт өчүрүлүп, аймактар текшерилген.

1-ноябрда эртең менен Киевде электр энергиясы чукул өчүрүлө баштады. ДТЭК компаниясынын маалыматында, чектөөлөр Орусиянын энергетикалык системасына жасалган чабуулдарына байланыштуу киргизилген. Энергетиктер коопсуздук шарттары мүмкүнчүлүк берген учурда талкаланган жабдууларды калыбына келтирип жатышат.

31-октябрда, ишемби күнү, Киевдин айрым райондоруна электр энергиясы суткасына болгону эки сааттан бериле баштаган. ДТЭК абалдын начарлашын энергетикалык объектилердин, анын ичинде жылуулук электр борборлорунун жабыркашы менен түшүндүргөн.

Киев облусунун аскердик администрациясы да энергетикалык объектилери бүлгүнгө учураганын билдирди. Обухов районунда бир аял жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Житомир облусунда 650дөн ашуун калктуу конушта электр жарыгы өчкөнүн облустук аскердик администрация кабарлады.

Винница облусунун бийлиги дрон чабуулунун кесепетинен уюлдук байланыш мунарасы жабыркап, көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери талкаланганын жана башка жарандык объектилерге зыян келтирилгенин билдирди.

Орусиянын соккусунан Донецк облусундагы Краматорск шаардык администрациясынын имараты талкаланды. Бул тууралуу Краматорск шаардык аскердик администрациясынын башчысы Александр Гончаренко 31-октябрда билдирди.

"Имаратты талкалап, жерибизди өрттөп, эскерүүлөрүбүздү уурдап кетүүгө болот. Бирок алар бизди келечекке болгон укугубуздан ажырата алышпайт", - деп жазган ал.

Днепропетровск облусунда Орусиянын энергетикалык инфраструктурага жасаган жаңы соккуларынан кийин Днепр, Павлоград жана Самаровский райондорунда 100 миңге жакын абонент электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу облустук аскердик администрациянын башчысы Александр Ганжа билдирди.

Анын айтымында, энергетиктер буга чейинки чабуулдардан жабыркаган абоненттердин дээрлик бардыгына электр энергиясын берүүнү калыбына келтирүүгө жетишкен. Бирок жаңы соккулардан улам кайрадан электр жарыгы өчүрүлгөн. Днепр шаарында суу менен камсыздоо толугу менен калыбына келтирилди. Чабуулдардын кесепеттерин жоюу иштерине 70тен ашык авариялык бригада тартылган.

31-октябрда орус аскерлери Днепропетровск облусундагы "ДТЭК Энерго" компаниясына таандык көмүр казуучу ишканаларга да чабуул жасашкан. Натыйжада өндүрүштүк курулмалар жабыркап, үч кызматкер ар кандай деңгээлде жараат алган.

Дагы караңыз

Милициянын айлыгы жана пенсиясы 1-декабрдан тарта көтөрүлөтКыргызстан Кытайдан электромобилдерди алып келүүдө коңшуларынан оздуБишкекте 1800дөй куураган бак кыйылып, 7 миңдей дүмүр тазаланды