Министрлик пенсия курагындагы мугалимдер иштен жапырт алынбай турганын билдирди

Агартуу министрлиги.

Агартуу министрлиги Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы жогорулатылгандан кийин билим берүү уюмдарына жумушка орношууга кызыккандар, анын ичинде жаш адистердин саны көбөйүп жатканын билдирди. Буга байланыштуу министрлик жаш адистерди тартуу менен тажрыйбалуу педагогдордун кесиптик дараметин колдонуу жол-жоболорун караштырып жатканын кабарлады.

Министрлик пенсия курагындагы мугалимдер жапырт жумуштан бошотулбай турганын, алардын кесиптик тажрыйбасын натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү изилденип жатканын кошумчалады.

“Анын ичинде насаатчылык кылуу, жаш мугалимдерге усулдук жактан колдоо көрсөтүү, педагог-ассистент жана консультант катары иштөө, ошондой эле башка билим берүү программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү бар”, - деп айтылат маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, өлкөдөгү билим берүү уюмдарында пенсия курагындагы 15 миңге жакын мугалим иштейт. Агартуу министрлиги педагогикалык кызматкерлерди жаш курагына карап басмырлоо саясаты жүргүзбөй турганын, бардык чечимдер Конституциянын, эмгек мыйзамдарынын чегинде кабыл алынарын билдирди.

Мектептерде пенсия жашындагы мугалимдер ордун бошотпой жаткандыктан жаштарга жумуш жок экени тууралуу көйгөй президент Садыр Жапаров Ала-Бука районунун тургундары менен жолугушканда көтөрүлгөн. Жергиликтүү тургундун бул боюнча маселесине агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жооп берип, мугалимдердин айлык акысы жогорулагандан кийин мектептерде бош орундар үчүн атаандаштык күчөгөнүн, бирок пенсия курагындагы мугалимдерди Эмгек кодексинин талаптарына ылайык кызматтан бошотуу кыйын болуп жатканын айткан.

Садыр Жапаров кезекте турган жаш мугалимдерди жумуш менен камсыз кылуу маселесин чечүү үчүн Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырмасын берген. (BTo)

Дагы караңыз

Кызыл-Кыяда 24 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып жолдошу кармалдыОрусия түндө Украинаны карай 400дөн ашуун дрон учурдуКыргызстан Кытайдан электромобилдерди алып келүүдө коңшуларынан оздуКыргызстан кытай юанында баалуу кагаз чыгарууну караштырып жататКазак чек арасынан өтүүгө электрондук уруксат берген QazETA системасы 1-ноябрда ишке кирди