УКМК Чүйдөгү салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринде коррупциялык схема аныкталганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имараты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринде системалуу коррупциялык схеманын бети ачылганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында айтылгандай, оор жүк ташуучу автоунаа айдоочуларынан белгиленген салмак-габариттик ченемдерди бузган машинелерди тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу фактылары аныкталган.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында 28-октябрда УКМК Чүй облусундагы беш салмак-габариттик көзөмөл бекетинде бир катар кызматкерлерди кармап, атайын кызматтын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизген. Бирок канча адам кармалганы ачыкталган жок.

“Аныкталган коррупциялык схема белгиленген ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын көзөмөлсүз өтүшүнө шарт түзүп, автоунаа жолдоруна жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү коркунучун жараткан”, - деп айтылат маалыматта.

УКМК тараткан видеодо Чүй облусундагы салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринен күн сайын кеминде 800гө жакын оор жүк ташыган автоунаа өтөрү айтылат. Атайын кызмат жүк ташыган машинелердин салмагын аныктоо толугу менен санарипке өтүшү керектигин, бул коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга шарт түзөрүн билдирди. (BTo)

Дагы караңыз

Абактагы Имамидин Ташов президент Жапаровго кайра кат жаздыКасымалиев саясий күчтөрдүн ортосунда консенсус бар экенин айттыБолгариядагы президенттик шайлоодо Орусияны жактаган Илияна Йотова алдыга чыкты Самарада дрон чабуулунан "Транснефтинин" ишканасында өрт тутанды Кызыл-Кыяда 24 жаштагы келиндин өлүмүнө шек саналып күйөөсү кармалдыКУЭТ: электр жарыгын бештен 7 кВт/саатка көбөйтүү сунушу 276 көп батирлүү үйгө гана тиешелүүАлагөзов саясатчы Сыймык Жапыкеевдин бийликке айткан сынына жооп берди