Медербек Сатиев сот бийлиги ичинен тазаланарын айтты

Медербек Сатиев.

Кыргызстанда чыгарган чечимдери кийинки инстанцияларда көбү жокко чыккан судьялардын ишин комиссия иликтейт. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев сот тутумунун 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланган жыйында айтты.

“Сот тутуму ичинен тазаланууга тийишпиз. Президент элди аралап жүрүп “адилеттик жок” деген тыянакка келип атат. Бул сөз ар бирибизди башка барскан менен ургандай болуш керек. Андыктан биз жоопкерчиликти күчөтөбүз”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде Кыргызстанда сот адилеттиги боюнча маселе бар экенин айткан. Ал аймактарды кыдырып жүрүп элдин арасында ушул нерсени байкаганын, жарандарда “адилеттик жок” деген түшүнүк бар экенин билдирген.

Акыйкатчы институтуна өткөн жылы 9672 кайрылуу түшкөн. Алардын 36% сот органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.

Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде 2020-жылга чейинки соттор менен азыркы соттордун айырмасы чоң экенин жана элдин 70-80% судьяларга ишенерин айткан. (BTo)

Дагы караңыз

Жапаров “Газпром” милдеттерин аткарбаса Кумтөрдөй кылып "алып коёрун" эскерткенин айттыАКШда Конгресске шайлоо өтүп жататОрус армиясынын Харьков ооруканасына соккусунда 73 адам жабыркадыКазакстандык Калымбетова көп жылдан бери издеп жүргөн кызы менен АКШда жолуктуАбактагы Имамидин Ташов президент Жапаровго кайра кат жаздыУиткофф Орусия–Украина сүйлөшүүлөрү Абу-Дабиде өтөрүн айттыЖапаров 2031-2032-жылдары Кумтөрдөгү карьерди иштетүү аяктай турганын айтты