Президент Садыр Жапаров Нарындагы Жетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштетерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 3-ноябрда Талас облусунда Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушууда айтты.
Ал 2031-2032-жылдары Кумтөр алтын кениндеги карьерди иштетүү аяктап, андан кийин бардык техника Жетим-Тоо кенин өздөштүрүүгө багытталарын кошумчалады.
“Жетим-Тоого инвестор издеп чогуу иштетебиз деген үмүтүбүз бар эле. Бирок “Кыргызалтын” ишканасы менен сүйлөшүп 100% өзүбүз иштетебиз деп атабыз. 2031-2032-жылдары Кумтөрдө борбордук карьерди иштетүү бүтөт. Ошондо ал жерден жүздөгөн чоң техника бошойт. Аларды Жетим-Тоого которуп, калган акчасын каржылап 100% өзүбүз иштетебиз деп атабыз. Ал жактан да миллиарддаган доллар пайда алсак болот”, - деди президент.
Нарын жана Ысык-Көл облустарынын аймагында жайгашкан Жетим-Тоо дүйнөдөгү ири темир кендеринин бири болуп саналат. 1956-жылы аныкталган кендин узундугу 40 чакырымга чейин созулуп жаткан тоо кыркаларынан жана Данги, Туюк-Суу, Айран-Суу, Молдобашы, Телеке жана Күрмөнтү деген тилкелерден турат.
Алгачкы жолу 1960-1980-жылдары союз геологдору, кийин 2008-2009-жылдары кытай адистери изилдеген кендин кору жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу так маалымат жок. Ар кандай божомолдор боюнча анда 3,5 млрд тоннадан 10 млрд тоннага чейин темир рудасы бар.
2022-жылы Садыр Жапаров Жетим-Тоо кенин Кыргызстан өзү иштетерин, башкаларга үлүш берилбей турганын жазган. Быйыл июнь айында Нарындын Ат-Башы районунда эл менен жолугушууда ал Жетим-Тоону иштетүүгө болжол менен 9 млрд доллар кетерин, мамлекеттин күчү жетсе өзү колго аларын, каражат табылбаса кенди инвестор таап, чогуу казуу жолун караштырарын билдирген.
Бирок Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов 2026-жылдын май айында кенди иштетүүгө инвесторлор изделип жатканын айткан. (BTo)