Президент Жапаров соттордун айлыгы аз болсо коррупция күчөй турганын айтты

Садыр Жапаров.

Талас облусунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Райымберди аттуу тургуну 3-ноябрда президент Садыр Жапаровго суроо берип, соттордун айлыгын азайтып, үнөмдөлгөн каражат менен пенсияны көбөйтүү сунушун берди. Ал 8 800 сом пенсия дары алууга жетпей калып жатканын билдирди.

Садыр Жапаров жергиликтүү тургундун суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстанда 900 миң пенсионер болсо 300 миң эле адам иштей турганын, муну менен бир жумушчуга үчтөн пенсионер туура келип жатканын кошумчалады.

“Республика боюнча 450 сот бар. Пенсионерлер болсо 900 миң. Биз сотторго элдин 5-10 миң сомуна кызыкпагыла деп айлыгын көтөрүп бердик. Баары тең жипке тизгендей эмес. Пендечилик кылат. Алгандар (ред: акча) камалып кетип атат. Азыр эми сотко 8 миң сом берсең (ред: айлык) эртең 10 иш караса баарынан акча алат”, - деди президент.

Садыр Жапаров 3-ноябрда Талас облусунда Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушкан.

Кыргызстанда 1-октябрдан тартып эң аз пенсия 8 800 сом деп бекитилген. Кыргызстандын Конституциясынын 44-беренесине ылайык, “пенсия, социалдык жөлөк пулдар жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн болбошу керек”. Улуттук статистикалык комитеттин 2026-жылдын экинчи кварталдагы эсеби боюнча Кыргызстанда жашоо минимуму 9 873 сом. Пенсия курагындагы адамдардыкы 8 720 сом деп көрсөтүлгөн.

Садыр Жапаров 21-октябрда республикалык кеңешмеде Кыргызстанда сот адилеттиги боюнча маселе бар экенин айткан. Ал аймактарды кыдырып жүрүп элдин арасында ушул нерсени байкаганын, жарандарда “адилеттик жок” деген түшүнүк бар экенин билдирген.

Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатиев сот тутумунун 2026-жылдын тогуз айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары талкууланган жыйында сот бийлиги ичинен тазаланарын айтты. (BTo)

Дагы караңыз

АКШда Конгресске шайлоодо көпчүлүк добушка демократтар ээ болуп жатканы билиндиОлешки операциясынын жыйынтыгы Ак үйдө талкууланатКурулуш компаниялары эми имараттын пайдубалын бүтмөйүнчө батир сата албайт4-ноябрга караган түнү Кыргызстанда үч жолу жер титиредиЖетим-Тоо кенин мамлекет 100% өзү иштететМедербек Сатиев сот бийлиги ичинен тазаланарын айттыЖапаров “Газпром” милдеттерин аткарбаса Кумтөрдөй кылып "алып коёрун" эскерткенин айтты