"Кумтөрдөй кылып алып коем дедим". Кыргызстан газ тармагын өзү башкара алабы?

Президент Жапаров “Газпром Кыргызстан” компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткарбаса, өкмөт аны Кумтөр кениндей кылып мамлекетке алып коёрун эскерткенин билдирди. "Кыргызгаздын" Орусиянын компаниясын өткөнүнө 12 жыл болду. Ортодогу келишим канчалык аткарылды?

Убагында “Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпром” ишканасына символикалуу түрдө 1 долларга сатылып, “Газпром Кыргызстан” компаниясы деп аталып калган. Андан бери 12 жыл өттү. Ошол кезде орусиялык компания Бишкектин чет жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү шарты менен алганы белгилүү болгон.

Аталган компания 2014-жылдан тартып бул тармакка 34 млрд сом инвестиция салганын билдирүүдө. Анткен менен "Газпром" компаниясынын Кыргызстанды толугу менен газдаштыруу планы аткарылбай жатканы боюнча маселе утур-утур көтөрүлүп келет.

Президент Садыр Жапаров Талас облусунда жергиликтүү тургундардын суроосуна жооп берип жатып, аймактарды газдаштыруу маселесине токтолду.

3-ноябрда Талас облусунда Манас районунун Семетей айлынын тургуну Курманбек Дакеев президентке кайрылып, алар чек арага жакын аймакта жашарын жана айылга газ түтүгүн тартып берүү маселесин көтөргөн.

Мамлекет башчы учурда Кыргызстан газ системасын өз алдынча башкара албай турганын, бул багыттагы иштер “Газпром” менен макулдашылып ишке ашарын билдирди. Ошол эле кезде “Газпром Кыргызстан” компаниясы өзүнө алган милдеттерин аткарбаса, Кумтөр кениндей кылып мамлекетке алып коём” деп эскерткенин айтты.

Садыр Жапаров

“Биз өзүбүздүн газ системабызга өзүбүз кожоюн эмеспиз. “Газпром” кожоюн. Муну 1 долларга сатып жибергенбиз. “Бизге “Кыргызгаздын” кереги жок, бизге газ керек” деп сатып жибергенбиз. Ошондуктан биз газды өзүбүздү өзүбүз билип киргизе албайбыз. Кыргызстанда газга байланыштуу иштерди “Газпром” менен гана макулдашып кылабыз. Бирок “Кыргызгазды” 1 долларга сатып алып жатканда “бүтүндөй республиканы газдаштырууга акча бөлөт” деген бөлүмү бар экен. Аны аткара элек. Мен бул боюнча “Газпромго” үч жылдан бери маселе көтөрүп келатам. Эгерде аткарбасаңар, Кумтөрдөй кылып алып коём да өзүм жасайм деп... Газ өзүбүзгө өтмөйүнчө, сөз бере албайм”, - деди президент.

“Кыргызгаз” компаниясы Орусиянын “Газпром” ишканасына 2014-жылы символдуу түрдө 1 долларга сатылып, “Газпром Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү муну Бишкектин чет жакасындагы конуштарга жана башка айылдарга газ жеткирүү, Ошту көгүлтүр отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу, өлкөнүн газ системасын жаңылоо өңдүү маселелерди чечүү максаты менен түшүндүргөн. Кийин ага “ОшГаз” ишканасы да өткөн. “Газпром” ошол маалда “Кыргызгазды” 40 млн долларлык карызы менен алганы маалымдалган.

Ошол себептүү он жылдан берки газдаштыруу иш-аракеттерин “Газпром Кыргызстан” компаниясы өз эсебинен жүргүзүп келет. Ортодо түзүлгөн келишим боюнча компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд рубль жумшоону убада кылган. Быйыл жайында аталган компания 34 млрд сом инвестиция салынганын билдирген. Мекеменин буга чейин билдиришинче, өлкөдө 54 калктуу конуш газ кууруна кошулган. Муну менен катар обоненттердин саны 450 миңге жеткен.

"Газпром Кыргызстан" президенттин билдирүүсүнө байланыштуу комментарий бере элек.

Дагы караңыз

“Кыргызгаздын” “Газпромго” өткөнүнө 10 жыл: Убада канчалык аткарылды?

2014-жылдан бери он жылда Кыргызстандын газ менен камсыз кылуу 22%дан 44%га жеткен. Кыргыз-орус өкмөттөр аралык келишимдерге ылайык, 2030-жылга чейин “Газпром Кыргызстан” Кыргызстандын газ менен камсыздоону 60%га чейин жеткирүү милдеттемесин алган.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасына ылайык, алар 2030-жылга чейин өлкөнүн 400 айылын газ менен камсыз кылышы керек болчу. Ошондо мекеме өзү айтып жаткан 60%дык чекке жетет.

Компаниянын башкы директорунун орун басары Арзымат Алдаяров 21-октябрда парламентте депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, жыл сайын газга кошулган үйлөрдүн саны өсүп жатканын билдирди. Маселен, 2025-жылы өлкө боюнча 15 миң 742 керектүүчү газга туташса, быйыл 17 400 үйгө газ киргизилди. Алдаяров газдын басымы жетиштүү экенин, бирок коюлган чектөөгө ылайык иштеп жатышканын билдирди. Ал газдаштырууга тоскоол болгон жагдайларга токтолгон:

Азамат Алдаяров

"Эң биринчиден кошуна мамлекеттеги өтүп жаткан газ бөлүштүрүүчү магистралдык газ куурунун ( "Бейнеу - Бозой - Чымкент" магистралдык газ кууру - ред.) кубаттуулугу жетпейт. Бул союз учурунда, 50 жыл мурда курулган. Азыр анын кубаттуулугу жетпей, өткөн жылытуу сезонунда долбоордук кубаттуулугунун 115% менен иштеп жатты. Ал жерде басымы дагы, кубаттуулугу дагы жетпей жатат. Ошондуктан бир нече чектөөлөр кирген. 2024-жылы Санкт-Петербургда Орусия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстанда ортосунда келишимге кол коюлган. Ошонун негизинде кошуна мамлекетте 2,5 миң чакырым магистралдык газ түтүгү курулуп келе жатат. Ал Катар инвестициялык фондунун акчасы менен курулууда. Аны 2028-жылы бүтсө, бизде газдын көлөмүн бир нече эсеге көбөйткөнгө мүмкүнчүлүк пайда болот. Экинчиден, Бишкектин түштүк- батыш тарабында Маловодное деген газ бөлүштүрүүчү станция бар. Кубаттуулугу саатына 10 миң куб, анын кубаттуулугун 80 миң кубга көбөйтүп реконструкция жасалып жатат. 2027-2028-жылы биздин инвестициялык каражаттан 2,7 млрд сом ушул долбоорго бөлүнүп жатат. Ошондуктан көчөдөгү газ түтүктөрдү курууга мүмкүнчүлүк болбой жатат", - деди Алдаяров.

Жаратылыш газы боюнча республиканын жылдык керектөөсү 540 млн м3 түзөт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров бул ишкананы мамлекетке алуу жана аны иштетүү мүмкүнчүлүгү туурасында пикирин билдирди:

Элдар Абакиров

"Кыргызстан үчүн газ абдан маанилүү. Ошол эле Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда көмүр экологияга зыянын тийгизүүдө. Электр кубатуулуктун тартыштыгы 5-10 жылда чечилиши кыйын болчудай. Ыш маселесин эң тез чече турган бул газ болууда. "Газпром" сатылган учурдагы инвестициялык келишимди караш керек. Эгер келишим толук аткарбаса балким биз үчүн инвестиция абдан маанилүү деп кыргыз өкмөтү муну колго алса болот. Азыр акылдуу эсептегич бар, акылдуу система. Электр энергиясын башкаргандай эле газды башкарат. Бүгүнкү технология менен ал чоң деле көйгөй эмес. Бирок инфратүзүмгө бюджеттен чоң каражат, милларддарды салыш керек".

Кыргызстандын мунайзатына болгон бир жылдык керектөөсү 1,6 млн тоннадан ашат. Өз аймагында күйүүчү май жана газ өндүрүшү дээрлик жокко эсе болгондуктан, бул жаатта Орусиядан толук көз каранды. Бул жагынан алганда экономист Азамат Аттокуров президенттин айткандарын популисттик пикир деп эсептөөдө:

Азамат Аттокуров

"Азыр жалпы 450 миңдей кардар болду, 150 миңдей жаңы кардар кошулуптур. Бирок баарыбир темп жайырак. Анткени "Газпромго" Бишкек, Ошко жакын айылдарды газга кошуу жеңилирээк. Ал эми алысыраак, тоо этегиндеги айылдарды кошуу чындыгында кымбат жана татаал. Ал эми Кумтөр сыяктуу алабыз деген чындыгында популисттик, элге жагыш үчүн айтылган эле сөз. Андай кылып ала албайт. Анткени Кумтөр кен, ал эми "Газпром" деген жөн эле түтүк, куурлар. Ал эми газды кайра эле Орусия берет. Эгер биз алып койсок, Орусия газды өчүрүп коёт. Ташкентке же Ашхабадга ишене алабйбыз. Анткени алардын өздөрүнө кышында газ жетпейт, экинчиден, алардын газын дагы узак мөөнөтүү келишим менен Орусия алып койгон. Бирок "иштебейсиңерби" дегендей коркутуп койгон жакшы эле. Ошол эле маалда таза, ачыктык болушу керек. Кайсыл айылдар кошулат, пландар кандай экени көрүнүп турушу зарыл. Андан сырткары көз карандысыз үч тараптуу аудит текшерсе жакшы болмок".

2024-жылы Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн экономикалык форумдун алкагында "Газпром экспорт" жана "Газпром Кыргызстан" ишканаларынын ортосунда 2025-жылдан 2040-жылга чейин көгүлтүр от менен камсыз кылуу боюнча келишим түзүлгөн.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын Кыргызстанды газ менен камсыз кылуу боюнча башкы схемасында өлкөнүн түндүк-түштүк аймактарын бириктирген газ магистралын куруу планын койгон. Эгер ал ишке ашса, Орусиядан Казакстан аркылуу келген газ Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарына түз жетмек.

“Газпром Кыргызстандын” ошол эле башкы схемасында суюлтулган газды колдонуу аркылуу Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарын да автономдук негизде газ жеткирүү мүдөөсү жазылган. Ал качан ишке ашары азырынча белгисиз.