Журналист Эрнис Кыязов милицияга сүйлөшүүгө чакырылганын билдирди

Журналист Эрнис Кыязов. Фейсбуктагы баракчасынан.

Журналист Эрнис Кыязов Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгына маектешүүгө келип-кетүүгө чакырылганын билдирди. Бул тууралуу ал 5-ноябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Анын айтымында, өзүн Азамат Рыспеков деп тааныштырган адам 10-бөлүмдөн экенин айтып, "бизге келип кетесизби" деген.

Чакыруунун чоо-жайын сураганда "тактап сурай турган маалыматтар бар" экенин билдирген. Кыязов нейтралдуу жерден жолугушууну сунуштап, ага милициянын өкүлү макул болгон.

"Эми мына, 10-бөлүмдүн балдары менен кезигиш керек болуп туру", - деп жазган журналист.

Эрнис Кыязов жакында президенттикке талапкер болуу ниетин билдирген Сыймык Жапыкеев менен 1 саат 40 мүнөттүк маекти өзүнүн Ютуб каналына жарыялаган. Анда Жапыкеев Садыр Жапаровдун бийлигин катуу сынга алып, өлкөдө жакырчылык күчөгөнүн айткан.

Сыймык Жапыкеев коомчулукка 2020-жылдагы октябрдагы элдик толкундоолордо “Чоң Казат” партиясынын лидерлеринин бири катары таанылган. Аны ошол окуялардын модератору же “кыймылдаткычы” катары сыпатташат. Октябрь окуясынан кийин ал Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматынын башчысы болуп дайындалып, беш ай иштегенден кийин бул мекеме жоюлуп кеткен.

Ушундан кийин президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов саясатчы Сыймык Жапыкеевдин бийликке айткан сын-пикирине жооп берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин, бийликти сындаганга эч ким тыюу салбаганын, болгону мыйзамсыз аракеттерге, массалык башаламандыкка чакырууга же аны уюштурууга жол берилбей турганын билдирген.

Журналист Эрнист Кыязов быйыл январда дагы Сыймык Жапыкеев менен болгон маектен кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) аңгемелешүүгө чакырылган. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкекте кызды курал менен коркуткан адам кармалды"Супара" этно-комлексиндеги өрттө үч киши жабыркады, толук өчүрүү иши уланууда Украина: Запорожьеге соккунун курмандыктары 40ка жетти Орусиянын дизелин тарткан танкерлер АКШга жөнөшү мүмкүн