ТИМ Элистан Токтогуловдун согушка тартылышы боюнча Орусияга нота жиберди

ТИМ имараты.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги (ТИМ) кыргызстандык Элистан Токтогуловдун алдамчылык жолу менен Украинадагы согушка тартылышына байланыштуу Орусиянын башкы дипломатиялык мекемесине нота жөнөттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы 5-ноябрда билдирди. Элчилик аталган жарандын мекенине тез арада кайтарылышын камсыз кылууну талап кылган.

Мындан тышкары бул факты боюнча ар тараптуу текшерүү жүргүзүү, күнөөлүү адамдарды аныктоо жана мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартууну камсыз кылуу тууралуу Орусиянын тийиштүү органдарына расмий каттарды жөнөттү.

Маалыматка караганда, элчилик Элистан Токтогуловдун туугандары менен туруктуу байланышта болуп, аталган маселени өзгөчө көзөмөлүнө алган. Зарыл болгон жардамды көрсөтүү иштери мындан ары да улантылары белгиленди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жарандарга кайрылып, ар кандай терс кесепеттерге жол бербөө максатында келишимдерге жана башка документтерге кол коюудан мурда алардын мазмунун кылдаттык менен окуп чыгып, кабыл алып жаткан милдеттенмелерине өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

4-ноябрда Манас шаарында Украинадагы согушка мажбурланып жиберилип жаткан кыргызстандыктын жакындары бийликке кайрылган. Алар 21 жаштагы Элистан Кыргызстанда алданып, азыр Орусияда коркутуу жолу менен согушка жиберилүү алдында турганын айтып чыгышкан.

"Бир тууган иним себептүү кайрылып жатабыз. Бул жерде бир тууган инимдин жана өзүмдүн досторум турат. Сизге кайрылуубуздун себеби, иним Инстаграм баракчасынан жумуш издеп таап, Орусиядагы бир кыргыз жараны менен сүйлөшөт. Ал жүк ташуучу, коопсуздук кызматкери, автомеханик сыяктуу жумуштарды сунуштайт. Айлыгы 105 миңден 110 миң рублга чейин дейт", - Элистандын бир тууганы Баястан Куштарбек уулу.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып Орусиядан Украинадагы согушка тартылган мигранттар эртерээк кайрылса аларды кайтарып алып келүү мүмкүн экенин билдирген.

Министр согуштан канча кыргызстандык кайтарылганын айткан эмес.

Кыргыз бийлигине кайрылып, бирок баласын, жакындарын согуштан кайтара албай убара тарткандар дагы бар.

Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоору 1-октябрга карата Орусия Украинага каршы согушка Борбор Азия мамлекеттеринен Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Түркмөнстан жана Тажикстандан 20 437 жаранды тартканын аныктаган. Алардын 2 219у кыргызстандык экени белгиленген.

“Хочу жить” долбоору былтыр ноябрда жарыялаган тизмеде согушка жалданып барган делген кыргызстандыктын 143ү окко учкан.

Кыргыз тектүүлөрдүн айрымдарында эки өлкөнүн, Кыргызстан жана Орусиянын паспорту бар экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу эскертип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган. (КЕ)

Дагы караңыз

Курулуш жай жүргөн 31 компанияга жаңы объект баштоого уруксат берилбейт Өзбекстанда "диний экстремизм" деген термин мыйзамдан алынды Венгрия Орусиянын газынан баш тартууну көздөп жатат Бишкекте курулушу бүтпөй турган дагы алты үйгө тышкы башкаруу киргизилди