“Инимди Орусияга чакыртып, Украинага согушка жиберип жатат”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

3-ноябрь күнү Манас шаарында Элистан Токтогуловдун жакындары чогулуп, бийликке кайрылды. Алар 21 жаштагы Элистан эки апта мурда Кыргызстандан ортомчуларга алданып, азыр эми Орусияда согушка жиберилип жатканын айтышты. Жакындары азыр ал Орусиянын Воронеж облусунда аскердик машыгуу талаасында экенин жана аны согушка жибергичекти куткарып калууну суранып, президентке, Орусиядагы кыргыз элчилигине кайрылуу жиберишти. Ал арада 5-ноябрь күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Элистандын иши боюнча Орусиянын ТИМине нота жолдогонун маалымдады. #azattykproject2026