Сот Тилекмат Кудайберген уулун кайрадан камакта калтырды

Тилекмат Кудайберген уулу (Күрөңов) соттук отурумда. 10-июль, 2026-жыл.

6-ноябрда Бишкектин Ленин райондук соту камактагы активист Тилекмат Кудайберген уулун (Күрөңов) үй камагына чыгаруу өтүнүчүн кайрадан четке какты. Бул тууралуу укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

Ал “Кыргызстандын мыйзамдары боюнча, шектүүнүн иши сотко өткөндөн кийин бир жылдын ичинде өкүм чыкпаса адам камактан бошотулушу керектигин” айтты.

Ишти карап жаткан судья Уланбек Туманбаев, Карасартованын айтымында, Жогорку соттун пленумунда “Тилекмат Кудайберген уулу оор кылмышка айыпталып жаткандыктан бөгөт чарасы өзгөртүлбөй турганын” билдирген.

Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 3-бөлүгүндө “Эгерде соттук териштирүүнү өз убагында аяктоо мүмкүн болбосо жана бөгөт коюу чарасын өзгөртүүгө же жокко чыгарууга негиз жок болсо, үй камагына жана камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтү ар бир жолу 2 айга чейин, бирок бир жылдан ашык эмес мөөнөткө узартылышы мүмкүн” деп жазылган. Ушул эле берененин 4-бөлүгүндө “Камакта кармоо түрүндөгү бөгөт коюу чарасын колдонуу мөөнөтүн бир жылдан ашык узартууга жол берилбейт” деп белгиленген.

Ленин райондук соту 21-октябрда, андан кийин 30-октябрда да Тилекмат Кудайберген уулунун (Күрөңов) бөгөт чарасын өзгөртүү сунушун четке каккан. Анын иши райондук сотко 2025-жылы 10-октябрда түшкөн.

Тилекмат Кудайберген уулу 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук соту аны ошол жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот активистти Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу ал 2022-жылы эркиндикке чыккан. Өзү коюлган айыптарды четке каккан.

Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Кудайберген уулу Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстандын бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

Тилекмат Кудайберген уулу 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууну убада кылган мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына барган. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Эмил Жамгырчиев экөө кездешкен соң паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен аны полиция кармаганын жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан БАЭде жарым жылдай жашаган. Эмил Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист Тилекмат Кудайберген уулу Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ошол бөгөт чара уланып келатат. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда 18 жашка чыга электерге энергетикалык суусундук сатууга тыюу салуу сунушталдыКыргыз өкмөтү кымбатчылыкты ооздуктоо үчүн 36,6 млрд сом бөлөтФранция: Айлыкты көбөйтүү талабы айтылган акцияда жүздөгөн адам кармалдыСанкциялык тобокелдиктен улам мамлекеттик банктар 284 компания менен иштешүүнү токтоттуОлешки операциясынын жыйынтыгы Ак үйдө талкууландыЫдык көрсөткөн жарандарды төрт жыл эркинен ажыратуу сунушталууда