КУЭТ электр жарыгын керектөө кайра көбөйгөнүн билдирди

"Датка-Кемин" көмөк чордону. Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстан улуттук электр тармагы” (КУЭТ) ишканасы өлкөдө күн суук болгон сайын электр энергиясын керектөө кыйла көбөйүп, 5ноябрда суткалык керектөө 64 млн 391 миң кВт/саатка жеткенин билдирди.

Мекеме эртең менен жана кечинде электр шаймандары көп колдонулгандыктан жүктөм жогору болуп жатканын кошумчалады. КУЭТ буга чейин электр жарыгын суткасына 66 млн кВт/саат жана андан көп керектөө адатта кыштын эң суук айларынын бири болгон декабрда байкаларын кабарлаган.

Кыргызстан 2026-жылы 19,6 млрд кВт/саат электр энергиясын керектейт деп эсептелсе, анын 15,5 млрд кВт/сааты өлкөдө өндүрүлөт. Калган бөлүгүн суунун көлөмүн төмөндөтпөө жана сууну сарамжалдуу пайдалануу үчүн 4,1 млрд кВт/саат электр жарыгы импорттолот.

Кыргызстан өзү өндүргөн электр энергиясы керектөөнү толук жаппайт. Ушундан улам жыл сайын күз-кыш мезгилине Казакстандан, Түркмөнстандан, Өзбекстандан жана Орусиядан электр жарыгын сатып алат. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкектин кышка даярдыгы тууралуу маалымат берилди24 кабат үйдүн курулушундагы кырсыкка байланыштуу компанияга чара көрүлдүСот Тилекмат Кудайберген уулун кайрадан камакта калтырдыКыргызстанда 18 жашка чыга электерге энергетикалык суусундук сатууга тыюу салуу сунушталдыКыргыз өкмөтү кымбатчылыкты ооздуктоо үчүн 36,6 млрд сом бөлөтФранция: Айлыкты көбөйтүү талабы айтылган акцияда жүздөгөн адам кармалдыСанкциялык тобокелдиктен улам мамлекеттик банктар 284 компания менен иштешүүнү токтоттуЫдык көрсөткөн жарандарды төрт жыл эркинен ажыратуу сунушталуудаТИМ Элистан Токтогуловдун согушка тартылышы боюнча Орусияга нота жиберди