Электро чокусунда каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун тажыясы өттү

Амир Кунакуновдун тажыясы. Бишкек, 10-ноябрь, 2026.

Чүй облусунун Ала-Арча капчыгайындагы Электро чокусунан кайтып келатып каза болгон 14 жаштагы Амир Кунакуновдун тажыясы Бишкекте өттү. Анын сөөгү 9-ноябрда табылып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары алып түшкөн.

Каза болгон бала Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган Максат Кунакуновдун уулу. Жаза аткаруу кызматы Кунакуновго уулун узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилгенин 9-ноябрда билдирген.

7-ноябрдан бери Ала-Арча капчыгайында изделип жаткан Амир Кунакуновдун сөөгү 9-ноябрда табылган.

9-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өспүрүмдү издөө иштерин күчөтүүнү тапшырган. Издөө операциясына ӨКМдин кызматкерлеринен тышкары альпинисттер, дрон учурган ыктыярчылар жана тик учактар да катышкан.

Дагы караңыз

"Жардамды аягына чейин жылбай күтүптүр". Амирдин өлүмү, ӨКМдин дарегине сын

Жакындарынын айтымында, Амир Кунакунов 7-ноябрда эртең мененки саат 7лер чамасында Ала-Арчада чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн үйдөн чыккан. Уюштуруучулар анын жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырбай коюп, ал Адыгене капчыгайы тарапка басып кеткени айтылган.

Кечке жуук саат 19:00дө ал өзү ӨКМге чалып, адашып кеткенин кабарлаган. Андан кийин байланыш үзүлгөн. ӨКМ “Эдельвейс” куткаруучулар тобу менен ошол күнү 22:00дө гана байланышууга мүмкүн болгонун, ал топ Рацек аймагында эвакуация иштерин жүргүзүп жүргөнүн билдирген. Куткаруучулар тобунун үч куткаруучусу Кунакуновду издөөгө киришкени айтылат.

Баланы издөө иштери боюнча коомчулукта талкуу жүрүп, ӨКМдин дарегине ыкчам аракет болгон эмес деген таризде сын-пикирлер көп айтылып жатат.

Дагы караңыз

Кыйылган ар бир дарактын ордуна беш көчөт отургузууга милдеттендирүү сунушталдыФранция Иранды киберчабуулга айыптадыЗеленский фронттогу ийгиликтер Киевдин сүйлөшүүдөгү позициясын бекемдегенин айттыАтамбаевдин мурдагы үйүнүн ордуна салынып жаткан карыялар үйү келерки жылы ишке берилет