2026-жылдын тогуз айында Кыргызстанда ишкерлерден негизсиз текшерүүгө кабылганы боюнча 325 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Залкар Акназаров 10-ноябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, арыздардын 89% канааттандырылып, прокурордук протокол түзүлгөн.
Тармактык комитет бул отурумда ишкердик субъектилерди текшерүү боюнча жол-жобону аныктаган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карады. Жаңы сунушка ылайык, мамлекеттик кызматтардын бизнести текшерүүсү прокуратуранын макулдугу менен гана жүргүзүлүшү керек. Прокуратура макулдук бербеген учурда текшерүү жүргүзүлбөйт.
"Башкы прокуратура мыйзамсыз текшерүү болуп бүткөндөн кийин гана билип калып атат. Экономика министрлигинин бул багыттагы ишин карап чыкканбыз. Акыркы эки жылда 15ке жакын текшерүү болгон экен. Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптар эске алынбаган учурлар да бар. Мисалы, жабылып кеткен ишканаларды каттаган же текшерүү мөөнөтү сакталбаган, текшерүүнүн жыйынтыгын бербеген учурлар болгон",- деди Акназаров.
Мыйзам долбооруна ылайык бул саясатты жүргүзүү эми Башкы прокуратурага өтүп жатат.
Мекеме буга чейин 2026-жылдын аягына чейин ишкерлерди пландан тышкары салыктык текшерүүлөргө тыюу салынганын билдирип, бизнеске кысым көрсөткөндөр жоопкерчиликке тартыларын эскерткен.
Президент Садыр Жапаров 18-февралда укук коргоо органдары менен күч түзүмдөрүн ишкерлерге басым-кысым кылбоого чакырып, ошол эле учурда бизнесмендерди да салыктарын жаап-жашырбай таза иштөөгө үндөгөн.
Кыргызстанда айрым бизнесмендер соңку жылдары укук коргоо органдарынын ар кандай текшерүүлөрүнөн жапа чегип жатканын айтып келишет.