Кемпир-Абад иши: Активист Суранова мамлекеттен 10 млн сом кенемте талап кылды

Перизат Суранова.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылып, кийин соттон акталган Перизат Суранованын мамлекеттен кенемте өндүрүү боюнча арызы каралууда. Ага Финансы министрлигинин өкүлү катышып жатат. 28-октябрда баштапкы соттук угуу болгон.

“Камалгандан кийинки тарткан зыянды каражат менен өлчөө мүмкүн эмес” , - деди Суранова.

Ал укуктары ар тараптан бузулганын кошумчалап, моралдык жана материалдык чыгым катары 10 млн сом талап кылды. Ал эми материалдык чыгым боюнча өзүнчө сөз болорун кошумчалады.

Кийинки сот отурумга кылмыш ишин козгогон Ички иштер министрлигинин өкүлүн чакыруу сунушталып, сот аны канааттандырды. Мындай сунушту Финансы финистрлигинин өкүлү киргизди. Кийинки сот отуруму 30-ноябрга белгиленди.

Ушул эле иш боюнча айыпталып, соттон акталган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, укук коргоочу Рита Карасартова да буга чейин кенемте талап кылып, арыз тапшырган.

“Кемпир-Абад ишинин” дагы бир фигуранты Азимбек Бекназаров буга чейин “кемпирабадчылар” Камчыбек Ташиевди, Курманкул Зулушевди жана Ички иштер министрлигинин тергөөчүсү Улан Жапековду сотко берүүнү максат кылышып, бирок аларды президент Садыр Жапаров токтотуп койгонун билдирген.

Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга бербөө талабы менен чыккан жалпы 27 адам 2022-жылы күзүндө кармалып, камакка алынган. Аларга Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен иш козгоп, 2023-жылдын январында кылмыш ишине “жашыруун” деген гриф коюлган. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы тергеп, ошол жылдын июнь айында сотко өткөргөн.

Айыпталуучулардын баары коюлган кинени мойнуна алган эмес. Кармалган 27 кишинин ичинен сегизи тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

“Кемпирабадчыларды” 2024-жылдын 14-июнунда Биринчи май райондук соту, 2026-жылдын 27-мартында Бишкек шаардык соту актаган. “Кемпирабадчыларга” иш козголуп, камалган учурда Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы, Курманкул Зулушев башкы прокурор болуп турган.

Дагы караңыз

Садыр Жапаров президенттик шайлоодо талапкер болуу үчүн БШКга арыз бердиАдылбек Касымалиев Кунакуновдун өлүмүн териштирүүнү тапшырдыФранция Иранды киберчабуулга айыптадыАбактагы Султанбеков менен Атамбаев парламент төрагасынан депутаттык комиссия түзүүнү суранды