Садыр Жапаров 10-ноябрда президенттик шайлоого талапкер болуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы маалымат таратты.
Ушуну менен Жапаров талапкер болуу ниетин билдирип арыз жазган алтынчы киши болуп калды. Ал саясий жарышка президенттик кызматында туруп катышат.
Буга чейин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев, саясатчы Сыймык Жапыкеев, ишкерлер Аймен Касенов, Акай Кыдыров жана дагы бир жаран Азамат Эсенбеков арыз калтырган.
Конституция боюнча президент болуп 35 жашка чыккан, мамлекеттик тилди билген жана өлкөдө жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргызстандын жараны шайлана алат. Президенттикке талапкер болуу үчүн 30 миңден кем эмес шайлоочунун кол тамгасын топтош керек. Талапкер болууну каалаган адам шайлоо фондунун каражатынан Боршайкомдун эсебине 1 миллион сом төгөт жана ал кайтарылбайт. Талапкер мамлекеттик тилди “ортодон жогору” деңгээлде билиши керек жана “Кыргызтест” мекемесинде тапшырган тесттин жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бериши зарыл.
Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү шайлоону дайындоо жөнүндөгү чечим расмий жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат жана шайлоо күнүнө 75 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2026-жылдын 13-ноябрында аяктайт.
Адам өзүн өзү көрсөтүп же саясий партиялар талапкер чыгарса болот. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрынан 2027-жылдын 26-январына чейин жүргүзүлөт.
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Шерине