Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишине катышууга жана сойкулукка ортомчулук кылууга шектелген өзбекстандык аял Грузиядан Казакстанга экстрадицияланды. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөө версиясы боюнча, Өзбекстандын жараны шериктери менен бирге сойкулук жана сексуалдык мүнөздөгү башка кызмат көрсөткөн адамдардан Kyzdar.net интернет-ресурсунда жайгаштырылган анкеталарынын эсептерин толуктоо боюнча өтүнүчтөрдү кабыл алып турган. Мунун максаты - анкеталарды жана алар сунуштаган сексуалдык кызматтарды жарнамалап, жайылтуу болгон. Топтун мүчөлөрү эсептерди толуктоо үчүн түшкөн акчадан комиссия кармап калып, калганын сайттын уюштуруучуларына которуп турушкан деп шектелүүдө.
Шектүү аял быйыл июль айында Грузияда кармалган. Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен эми өткөрүлүп берилди жана тергөө абагына киргизилди. Ага мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралышы мүмкүн.
Маалыматка караганда, иш боюнча айыпталуучулардын бир бөлүгү буга чейин соттолгон, калгандары эл аралык издөөдө жүрөт.
Kyzdar.net сайты 2011-жылдан бери иштеп келген. 2023-жылдын март айында Казакстандын укук коргоо органдары ресурстун 11 жетекчисин кармашкан. Бирок 2024-жылдын сентябрында Казакстандын Ички иштер министрлиги кылмыш ишин токтоткон. Буга жергиликтүү мыйзамдардагы мүчүлүштүктөр - Кылмыш-жаза кодексинде интернет аркылуу сойкулукка ортомчулук кылуу жана аны онлайн жайылтуу үчүн жоопкерчиликтин так аныкталбаганы себеп болгону кабарланган. Ошол учурда министрлик сайтты бөгөттөө мүмкүн эместигин, анткени ал АКШдагы интернет-провайдерлерге таандык хостингдерде жайгашканын билдирген.
Кийин Казакстандын мыйзамдарына өзгөртүү киргизилип, быйыл июнь айында тергөө кайра башталган. Сайттын болжолдуу уюштуруучулары кармалган. Алардын мыйзамсыз кирешеси 2 миллиард теңгеге (болжол менен 4,5 миллион доллар) бааланган.
Ошондой эле Алматы шаарынан жана Алматы облусунан сайттын болжолдуу ээлерине байланышы бар кымбат баалуу мүлк аныкталган. Шектүүлөрдүн атына чакан жана орто бизнес тармагында иштеген сегиз компания, беш батир, алты коммерциялык имарат, алты коттеж, он жер тилкеси, алты унаа токтотуучу жай жана кымбат баалуу 11 автоунаа катталганы аныкталган.