15-ноябрдын аба ырайы: Үшүк жүрөт

15-17-ноябрь күндөрү түнкүсүн жана эртең менен Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 0...-2° үшүк жүрөт.

Мындай үшүк мөмө-жемиштерге, жашылча өсүмдүктөрүнө, ошондой эле казылып алынган жана жабылбай калган картошка менен кант кызылчасына коркунучтуу.

15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым аймактарда туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй өрөөнүндө: түнкүсүн -4...+1°, күндүз 3...8°
  • Талас өрөөнүндө: түнкүсүн 0...-5°, күндүз 4...9°
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында: түнкүсүн 1...6°, күндүз 8...13°
  • Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 0...-5°, күндүз 3...8°
  • Нарын облусунда: түнкүсүн -5...-10°, күндүз 2...7°

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0...-2° суук, күндүз 6...8° болот.

Дагы караңыз

Президенттин Ысык-Көлдө эл менен жолугушуусунда Ширшов, Иманов тууралуу айтылдыГрузия сойкулукту жарнамалоого шектүү өзбекстандык аялды Казакстанга өткөрүп бердиБишкек шаар кеңешинин депутаты Таалайбек Жакыпов камалдыСанкт-Петербургда өзбекстандык аялдын сөөгү чемодандан табылдыКазакстанда темир жол ишканасынын жана "Самрук-Казынанын" жетекчилери кармалдыДепутаттар абактагы Кунакунов, Атамбаев жана Султанбеков менен жолугушту