Зеленский АКШ өкүлдөрү Донбассты НАТОго айырбаштоо маселесин көтөргөнүн айтты

Зеленский (ортодо) АКШ өкүлдөрү Кушнер жана Уиткофф менен.

Украинанын президенти Владимир Зеленский журналисттерге АКШ өкүлдөрү менен талкуу учурунда НАТОго кириш үчүн Киев Донбасстагы өзү көзөмөлдөп турган аймактардан аскерлерин чыгарып кете алабы деген суроо берилгенин айтты.

"Америкалыктар "Эгер НАТОго кирсе, Украина Донбасстан чыгып кете алабы?" деген суроо узатышты. Мындай суроо биринчи жолу болду", - деди Зеленский.

Ал Украина принципиалдуу түрдө территориядан баш тартпасын белгиледи. Зеленский мунун өзүндө өнөктөштөр коопсуздуктун толук топтомун, анын ичинде согуштан кийин өлкөнү кайра калыбына келтирүүнү сунуштаса, бул суроону коомчулук менен ачык сүйлөшүүгө, тагыраагы референдумга алып чыгууга даяр экенине токтолду.

"Бирок азыркы тапта конкретика жок, баары талкууда", - деп айтты украин президенти.

Зеленский кандай болбосун Украина де-юре коңшусу басып алган аймактарын Орусияныкы деп кабыл алууга даяр эместигин белгиледи.

Зеленский Донбассты НАТОго мүчөлүккө "алмашуу" сунушу качан жана кимден түшкөнүн айткан жок. 12-ноябрда ал Дублинде АКШнын атайын өкүлдөрү Жаред Кушнер жана Стив Уиткофф менен жолуккан.

Ага чейин АКШ өкүлдөрү Украинанын НАТОго киришин колдобосун, бирок Украина биримдикке мүчө болуу менен коопсуздук кепилдигин алса болорун билдиришкен.

Орусия болсо Украинанын НАТОго киришине башынан каршы болуп келет. Орусиялык бийликтер Түндүк атлантикалык альянска кошулуу ниети Украинага кол салууга башкы себеп болгонун айтып келишет. Орусиянын Киевге дагы бир талабы - Украинанын Конституциясына нейтралдуу макамды киргизүү. Зеленский 14-ноябрда Украина буга макул эместигин жарыялаган.

Донецк облусун толук бойдон орусиялык көзөмөлгө өткөрүү - Орусиянын негизги талабы. Муну АКШ өкүлдөрү дагы ырастап, тынчтык сүйлөшүүсүндөгү эң татаал суроолордун бири ушул экенин айтышкан. Орусия Украина НАТОго кирбесин деген дагы талапты коюуда.

Журналисттер менен баарлашуу учурунда Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путиндин Константиновкада "гуманитардык тыныгуу" жарыялоо сунушуна да комментарий берди.

Ал муну бир жылдан ашуун убакыттан бери салгылашуулар жүрүп жаткан Донецк облусундагы шаарды орус аскерлери басып алышы үчүн жасалган "өтө примитивдүү жүрүш" деп атады. Ошол эле учурда Путин шаар Орусиянын көзөмөлүндө экенин, бирок ал жерде чыгарып кетүүгө муктаж болгон жайкын тургундар калганын айтууда.

Буга чейин Украина Херсон облусунун Олешки шаарында гуманитардык тыныгууга макул болгон, ал жактан АКШнын биринчи айымы Мелания Трамптын ортомчулугу менен жүздөгөн жайкын тургундар эвакуацияланган. Бирок украин аскерлери орус күчтөрү бул тыныгууну өз позицияларын бекемдөө үчүн пайдаланганын белгилешкен.

"Эгер аларга жайкын тургундардын өмүрү маанилүү болсо, Олешкиге жакын айылдарда ушундай операцияларды сунуштай алышмак. Бирок Орусия ал айылдардын бирин да сунуштаган жок. Алар эмнени сунушташты? Константиновканы. Эмне үчүн? Анткени Константиновкадан кийин Краматорск менен Славянск турат", - деди Зеленский.

Дагы караңыз

Орусия Винница шаардык сотунун үч судьясына издөө жарыяладыВенгриянын мурдагы министринин ар кайсы дарекке жана токойго каткан 20 миллионго жакын доллары табылдыБалдар үчүн ишеним телефонуна жыл башынан бери 543 кайрылуу түштү